Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 05.11.2019 08:40

Нарын шаарында 19 млн сомго оңдолгон борбордук аянттын көрүнүшү (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 4-ноябрда Нарын шаарынын оңдоодон өткөн борбордук аянты ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, аянтты оңдоо иштерине жалпы 19 млн 600 миң сом бөлүнгөн. Жыйынтыгында отургучтар, 2 жерге газон, 2 оргума коюлду. Туянын бир нече көчөттөрү отургузулган.

Кечээ Нарын шаарында мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси белгиленип, анын алкагында Нарын шаарынын борбордук аянтында Турдакун Усубалиевдин эстелиги да ачылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×