Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 01.11.2019 15:49

Ат-Башыдагы мектеп окуучу оперлерди «дүрбөттү»

Turmush -  Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн алгачкы тергөөчүсү (дознаватель) Нурайым Сүйөркул кызы эмгек жолун баштаганына 4 ай болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Нурайым Сүйөркул кызы 1997-жылы Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылында туулган. Мектепти ошол эле айылдан аяктап, 2015-жылы ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы академиясында билим алып, тергөөчү адистигине ээ болгон.

«Окуумду бүткөндө эле мени Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө өспүрүмдөр менен иштеген инспектор кылып жиберишкен. Райондогу Кызыл-Туу, Терек-Суу, Казыбек деген айылдарда 2 айдай инспектор болуп иштедим. Азыркы учурда алгачкы тергөөчү болуп дайындалып, иштеп жатам. Биз 2019-жылдан тарта жаңы кабыл алынган мыйзам менен иш алып барабыз. Анча оор эмес кылмыштар менен иштейбиз.

Жакында эле болгон окуя... Ат-Башы районунун Кара-Суу деген айылынан түн ичинде “атабыз бизге тынчтык бербей жатат” деген чакыруу түштү. Ыкчам топ менен чыктык. Түнкү саат эки. Айылды кыдырып, даректи таппай жүрөбүз. Көчөлөр дагы көп экен. Бизге телефон чалган адамдын өзүнө телефон чалдык. Такыр жооп бербей койду. Кыдырып жүрсөк, бир үйдүн жарыгы күйүп туруптур. Мен ушул үй болушу мүмкүн деп ойлоп жаттым. Бирок сыртында көчөнүн аты, үйдүн номуру дагы жок экен. Саат үч болуп кетти. Жанымдагылар “таппай калдык, кетели” дешти. Бирок мен аларды кетирбей жаттым. “Эртең чакырууну эмне кылдың десе, эмне деп айтам. Кетпейбиз” дедим. Болжолдоп дагы бир жолу кыдырып, жанагы үйгө бардык. Биз издеп жаткан үй болуп чыкты. Ызы-чуу болуп издеп барсак, алар элдешип алып уктап калышыптыр. Көрсө, атасы менен апасы урушуп жатканда мектепте окуган баласы бизге телефон чалып жибериптир. Бирок ал ата-энесине айтпаптыр», - деди ал.

Нурайым Сүйөркул кызы кесиби менен сыймыктанат.

«Эгер кызыгуу, берилүү менен иштесең жумуш дагы алдыга жылат. Мектепте окуп жүргөндө эле тергөөчү болгум келчү. Максатыма жеттим, өзүмө ыраазымын. Ата-энеме, мени колдон-буттан алып кеткен адамдарга ырахмат. Азыр үй-бүлө күтө элекмин. Тажрыйба топтошум керек», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×