Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 31.10.2019 19:30

Кызыл-белестиктер айылдын ички жолуна асфальт төшөлбөй жатканына нааразы

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылынын жергиликтүү жашоочулары айылдын борбордук көчөсүнө асфальт басылбай жатканына нааразы болууда. Иш сапары менен аталган айылга барган район акими Сейтек Кулубаевге жергиликтүү тургундар айылдын ички борбордук көчөсүнө 3 жылдан бери асфальт басылбай жатканын айтышты.

«Башка айылдардын бардыгынын ички борбордук көчөсүнө асфальт басылган. Биздин айылга асфальт басып беребиз дегендерине 2-3 жылдын жүзү болду. Айылдын ички борбордук көчөсүнүн жалпы узундугу 4 чакырымды түзөт. Быйыл анын 1 чакырымына гана асфальт төшөлдү. Ал эми Ак-Кыя айылынын ички борбордук көчөсүнө асфальт эчак эле басылган. Быйыл айылдын кире беришиндеги жолдун 1 чакырым аралыгына асфальт басып койдуңар. Жогорку бийликте иштегендер өздөрүнүн айылдарына тартып коюшат экен. Биздин айылда жогорку бийлик органдарында иштеген уул-кыздарыбыз жок. Мындан улам жыл сайын өкмөттүн өгөй баласындай болуп калабыз», - дешет жергиликтүү тургундар.

Райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Тынычбек Абдылдабеков: «Кызыл-Белес айылынын ички борбордук көчөсүнө асфальт басуу иши 2020-жылга пландалган. Кудай буюрса келерки жылы каражат бөлүнүп, тендер өткөрүлсө эле асфальт басылат. Ага чейин сабырдуулук кылып күтө туруңуздар. Ал-Жол, Ак-Кыя айылы үчүн деп асфальт басылган жок. Стратегиялык маанидеги жол. Биз тапшырманы аткарууга милдеттүүбүз. Ал жакка деп берилген асфальтты башка айылга кантип басабыз. Бардыгы мыйзам чегинде жүргүзүлөт», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×