Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 31.10.2019 21:00

«Айылда карышкыр күч»: Тоголок молдолуктар түйшөлткөн көйгөлөрүн санап беришти

Turmush -  Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургундары бир катар көйгөйлөрдү көтөрүшүп, райондун бийлигинен аларды чечип берүүнү суранышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 30-октябрь күнү райондун акими Сейтек Кулубаев аталган айылга иш сапары менен барган. Жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу учурунда таза суунун тартыштыгы, бала бакчанын имаратынын жоктугу айтылды. Ошондой эле малдын саны көбөйгөндүктөн жайыт жерлер тартыш болуп, жаз мезгилинде дыйкандарды арзан күйүүчү май жана сапаттуу үрөн менен камсыздоо маселелери көтөрүлдү. Тургундар айылда карышкырлар бодо малга жана жылкыларга кол салып жатканын, 2020-жылы өтө турчу Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата Тайлак баатырдын күмбөзүнөн айылга чейинки 7 чакырым жолго асфальт төшөө керектигин дагы кошумчалашты.

Айтылган көйгөйлөр боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жооп берип, райондук мамлекеттик администрация тарабынан тапшырмалар берилди. Ошондой эле айылдагы таштандыларды тазалоо иштери айыл өкмөткө милдеттендирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×