Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 31.10.2019 16:44 На русском

Россиянын геофизиктери Кочкордогу тарыхый шаарды изилдешет

Turmush -  Новосибирск шаарындагы А.А.Трофимук атындагы нефти-газ геология, геодезия жана минералогия институтунун геофизиктери Кочкор өрөөнүнүн Кум-Дөбө менен Ак-Жар айылдарынын ортосундагы тарыхый шаарды изилдөөгө катышат. Бул тууралуу Кочкор районундагы тарыхчы Кайырбек Коңурбаев билдирди.

Анын айтымында, институттун геофизиктери менен сүйлөшүү жүрүп, август айында алгачкы изилдөө иштерин жүргүзүп кетишкен. Эми алар келерки жылы жайында келишет.

«2019-жылы 12-майда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин археология жана этнология кафедрасынын студенттери, алардын жетекчиси — тарых илиминин кандидаты Ороз Солтобаев менен бирге жер алдындагы шаар казылган. Бирок таланып-тонолуп кетпеш үчүн айланасы курчалып көмүлгөн.

Россиядан келген геофизиктер ушул жерден узуну 14 метр, туурасы 4 метр болгон имаратты табышты. Ошол эле жерден 100 метрдей жүргөндө 5-6 курулуш бар экенин аныкташты. Алар күз айында изилдөө иштерин жүргүзүшмөк. Тилекке каршы мында келе алышкан жок. Келерки жылы жайында келебиз деп кат жолдошуптур.

Жер алдындагы шаар кызыл кирпич менен тургузулган. Дубалдарынын бети гранит плиталар менен капталып кооздолгон», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×