Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 29.10.2019 14:56

Жаш талант: Эрнист эс-тутумун сүрөт менен машыктырат

Turmush -  Мектептен жалаң «5» деген баага окуп, келечекке көп пландарды коюп, максаттарына жетүү үчүн аракет кылган жаш талант Эрнист менен аймактык кабарчы таанышты.

Эрнист Эркинбеков 2002-жылы 31-декабрда Нарын районуна караштуу Учкун айылында туулган. Учурда ошол эле айылдагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу.

«Мен окуудан сырткары сүрөт тартам. Атам сүрөтчү болчу. Тилекке каршы 5 жашымда каза болуп калган. Сүрөт тартуу өнөрү атамдан калган. Үйдөгү шырдактардагы оймо-чиймелерди, саймаларды атам тартып берчү экен.

Кичинекей кезимден эле сүрөт сабагы жагат. Ал сабакты Андрей деген агай окутчу, бирок кийин ал пенсияга чыгып кетти. Сүрөт тартканды жакшы үйрөнүп, 8-9-класстарда кароо-сынактарга бара баштадым. Мектепте уюштурулган райондук кароо-сынактарга катышам. Бул менин хоббим болуп эсептелет, рахат алыш үчүн сүрөт тартам. Сүрөттү жандуураак кылып тартууга аракет кылам», - деди ал.

Эрнист үй-бүлөдө беш бир туугандын үчүнчүсү.

«Сабактарды жакшы окууга аракет кылам. Азыр жалпы республикалык тестирлөөгө жана тарых сабагы боюнча олимпиадага даярданып жатам. Эң башкы максатым ушул болуп жатат. Мындан сырткары англис тилин өздөштүрүп, сабактан сырткары ийримдерге катышам. Акыркы 2 жылдан бери китеп окууга аракет кыла баштадым. Биздин айылдык китепканага жаңы китептер келиптир. Жалаң ийгиликтүү, миллионер адамдар жазган китептерди окуп жатам, аябай жакты.

Кыргызстандын тарыхында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган окуучу болуп калгым келет. Эң мыкты окуу жайдан билим алып, колдон келсе тил үйрөнүп, чет мамлекетте окууну пландап жатам. Кийин кудай буюрса ийгиликтүү адам болуп, өз айылымды өнүктүрөм деген максаттарым бар.

Финансист кесибин тандайын деп жатам. Ал кесипти жакшы өздөштүрүү үчүн эс-тутум жакшы болушу керек. Сүрөт тартуу эс-тутумду жакшыртат экен. Ошол үчүн сүрөттү көп тартып турам. Жакшылап ойлонсом, сүрөтчүлүк кесип жашоомо көп пайдасын тийгизбейт экен», - деди жаш талант.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×