Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Нарын облусуНарын району 29.10.2019 13:01 На русском

Нарын районунда контейнерлердеги окуучулар маданият үйүнө киргизилди

Turmush -  Нарын районуна караштуу Дөбөлүү айыл аймагынын Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы орто мектебинин контейнерлерде окуган окуучулары айылдык маданият үйүнө киргизилди. Учурда окуучулар эки нөөмөт менен билим алып жатышат.

Айылдык маданият үйү оңдоп-түзөөдөн өтүп, убактылуу мектепке айланган.

Окуучу Сымбат Бектемир кызы: «Биз окуп жаткан жай контейнерге караганда кенен, бирок караңгы, жарыкты күйгүзүп гана отуруш керек. Жаңы мектеп курулуп, ошол жерден бүтүп кетсек экен деп отурабыз», - деди.

Мугалим Султангазы Осмонов: «Контейнерлерде азыр эч ким жок. Айылдык клубду 1 айдын ичинде жылуулап беришти. Жаңы министр ноутбук, китептерин ала келиптир. Ошондо жаңы мектепти курууга 3 млн сом которулганын, тендер бүтсө баштала турганын айтты», - деди.

Нарын районуна караштуу Дөбөлүү айыл аймагынын Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы орто мектеби 1973-жылы курулуп, бул жылдар аралыгында бир дагы жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.

Мектептин директору Самара Турусбекованын айтымында, бул окуу жай 2015-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан пайдаланууга жараксыз деп табылган. Бирок жаңы мектеп курууга бюджетте каражат жок болгондуктан окуучулар өмүрүн тобокелдикке салып, эски имаратта билим алып келишкен.

Бул жаңы окуу жылынын алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 6 даана мобилдик үйлөр алынып келип орнотулуп, окуучулар билим алып башташкан.

Көп өтпөй социалдык тармактардын колдонуучулары бул көрүнүштү талкууга алып, сын-пикирлерин билдиришкен. Өкмөттүн Нарын облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун кызматтан кетиши да ушул учурга туш болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×