Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 31.10.2019 08:14 На русском

«Байлыкка» барчу көпүрө: Нарын ЖКККБнын башчысы эмне себептен кызматтан алынды?

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Эки-Оттук—Каратал-Жапырык—Соң-Көл унаа жолунун 1-чакырымындагы көпүрө авариялык абалда турат. Бул маселени жергиликтүү тургундар көп жылдан бери тиешелүү жактарга көтөрүп келишкен. Ошондой эле «Ат Минералз» жоопкерчилиги чектелген коомунун унаалары алтындын кору бар таштарды жүктөп, аталган көпүрөдөн өтүп жатканын айта башташкан. Мындан улам өкмөттүн облустагы мурдагы өкүлү Аманбай Кайыповдун тапшырмасы менен аталган көпүрөнүн абалын аныктоо боюнча комиссия уюштурулган. Алар тарабынан акт түзүлүп, бирок ага комиссиянын курамына кирген Нарын облустук ЖКККБнын мурдагы башчысы Жакыпбек Жумаев кол койгон эмес. Ал бул окуядан көп өтпөй кызматынан алынып, көпүрөнү оңдоо иши аталган компанияга жүктөлгөн.

WhatsApp Image 2019-10-25 at 18.54.36

Жергиликтүү тургундардын айтымында, учурда аталган көпүрө аркылуу Кум-Бел аймагында алтын казган «Ат Минералз» жоопкерчилиги чектелген коомунун унаалары Кара-Балта шаарына өтүп жатышат. Ал эми көпүрөнү оңдоо иштери баштала элек.

Кырк боз үй аймагынын жашоочусу Кенжегүл Абдраева: «Көбүнчө түнү катташат, азыр таштарды ташып жатышат. Кум-Белден шаарга, шаардан Кум-Белге эмне ташып жатышканына деле кызыкпайбыз. Көпүрөнүн алдындагы таянычы чөккөн, жарака күндөн күнгө чоңоюп айласыз абалга келип жатат. Кичи Кара-Кужур дарыясынан мал-жандыктар суу ичишет жана 8 айылдын эли колдонот. Кум-Белге бара турган жолдогу экинчи көпүрө шакек бетондор менен курулган. Анын абалы да жакшы эмес. Муну алдын алган деле киши жок. Көпүрө ураса, сууга төгүлгөн алтын калдыктары дарыя менен агып бүтүндөй элге жаман болот», - дейт.

Жерге-Тал айылдык кеңешинин төрагасы Алмазбек Өмүровдун айтымында, «Ат Минералз» компаниясы чалгындоо иштери үчүн 2030-жылдын 31-декабрына чейин лицензия алган.

«Булар жалпы 20 гектар 80 сотых жерди иштетүугө уруксат алышыптыр. Ошонун негизинде жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин баштаган. Чалгындоодон соң ишмердүүлүккө өзүнчө лицензия алышкан. Азыр алтын ташып, чайкап жатышат. Кара-Балта шаарына ташып иштетишет экен.

Бул ишкана 2018-жылы айыл өкмөтү менен келишим түзгөн. Келишим жыл сайын түзүлөт. Анда эки тараптын милдеттери мыйзам чегинде камтылган. Алар келишимде Ала-Тоо участкасынын түштүк аймагынан ала турган алтындын көлөмү 1 тонна 285 кг деп көрсөтүшкөн. Ошондой эле, быйыл убада кылган 5 млн сом каражатты айыл өкмөттүн алдындагы фондго которушкан. Мындан тышкары кенде биздин айылдан 70 бала иштейт жана кенге баруучу жолдорду жасашты. Кара-Кужур дарыясынын көпүрөсүн да оңдошмок.

Кен жагын көзөмөлдөй турган жогорку органдардын шалаакылыгы деп айтам. Алардын кош көңүл мамилелеринен улам жергиликтүү эл менен кен иштеткен ишканалардын ортосунда канча пикир келишпестиктер болду. Буга чейин үч фирма иштеди. Алардын лицензиялары алынып, мына эми азыр "АТ Минералз" ЖЧКсы иштеп жатат. Компаниялардан жалкып калган эл дагы деле кооптонуу менен карап турушат», - деди ал.

Кумбель

Нарын шаардык №41 жол тейлөө мекемесинин башчысы Алмазбек Абдыкадыров көпүрөдөн оор жүк тарткан унааларды тыюу керектигин айтты.

«Каратал-Жапырык—Соң-Көл жолу бизге карайт. Бул жердеги көпүрө 1973-жылы бетондон курулган, ал 30 тонна салмакты көтөрөт. Бул көпүрө 20 жыл мурун авариялык абалга кептелип, косметикалык оңдоодон өткөн. Жылдан жылга абалы начарлап бараткандыктан 10 тонна жүк ташыганга уруксат деген белгилерди коюп иштетип келебиз. 2019-жылдын май айынан баштап Кум-Бел аймагындагы кен иштеткен ишкана тарабынан алтын ташыла баштаган. Ал жактан 60-70 тонна салмактагы оор жүк тарткан унаалар өтүп, жүк ташып жатышат. Биз бул маселени май айында ЖКККБ, ӨКМ, облустук өкүлчүлүк жана район акимине билдиргенбиз. Анан комиссия түзүлүп, жыйынтыгында 5-6 адамдан турган комиссия 10 метрлик көпүрөнүн 3 метр аралыгында жарака бар экенин аныкташкан. Мындан улам 7 метр аралыгынан унаа өтүүгө уруксат берилип, калган 3 метр аралыгын жапканбыз. Эми кайра комиссияны чакырып, ал көпүрөнү толугу менен жабалы деп жатабыз. Себеби август айында кен казуучу ишканага 1,5 ай убакыт берип, көпүрөнү кайра салып же оңдоо ишин жүргүзгүлө дегенбиз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай аракет болгон жок.

Бул көпүрө менен малчылар Соң-Көл жайлоосуна каттайт. Мындан тышкары кышында Каратал-Жапырыктын ичинде 30-35ке чукул үй-бүлө калат. Алар дагы тынбай каттап турушат. Ошондуктан көпүрөдөн оор жүк ташуучу унаалар өтүүгө болбойт», - дейт А.Абдыкадыров.


Анын айтымында, 1990-жылга чейин жайлоого барчу жолдорду Республикалык жолдор байланыш башкармалыгы тейлеп, аталган көпүрө мезгил-мезгили менен оңдоодон өтүп турган.

«30 тонна үчүн корккон жокпуз. Бирок азыркы күндө 100 тоннага чейинки жүктөр өтүп жатат. Эртеңки күнү кулап калбасын деп, 10 тонна деген белгини коюп жатабыз. Биз бул кадам менен коопсуздукту камсыз кылууга аракет кылуудабыз», - деп кошумчалады ал.

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Жанышбек Ибраимакун уулу кен иштеткен ишкана менен сүйлөшүүлөр болуп жатканын жана аларга көпүрөнүн жарымынан өтүүгө уруксат берилгенин билдирди.

«Бул боюнча жыйын болгон. Август айына чейин унаалар өтүп жаткан. Документте бул көпүрө 30 тонна жүктү көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп белгиленген. Бирок жол тейлөө мекемеси 10 тонна көтөрөт деп белги коюп коюшкан. Мурдагы облустун башчысы А.Кайыповдун тапшырмасы менен жеринде текшергенбиз. Көпүрөнүн түштүк тарабында 2 метр жеринде эски жарака болгон. Акт түзүлүп, ага киргизгенбиз. Мындан улам ал көпүрөнүн 5 метр аралыгын тосуп, калган 5 метр аралыгынан унаалар өткөнгө уруксат берилген. Кен иштеткен ишкана 15-октябрга чейин көпүрөнү оңдоп беребиз деп убада беришкен. Көпүрө оңдоо боюнча долбоорду жасатып бүттүк, эми чукул арада бүткөрөбүз деп, мени менен байланышып жатышат. Ишкана көпүрө аркылуу кен ташыган жок.

Ал эми облустук ЖКККБнын мурдагы башчысы Ж.Жумаев ошол мезгилде башка кызматка которулуп кетип, актка кол койбой калган. Бирок, жеринде түзүлгөн документке кол койгон. Биз эч кандай чектөө киргизе албайбыз, болгону акт түзүп сунуштадык», - деди Ж.Ибраимакун уулу.

ИИМдин ЖКККББнын басма сөз катчысы Тилек Исаевдин айтымында, Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Эки-Оттук—Соң-Көл—Каратал-Жапырык унаа жолунун 1-чакырымындагы көпүрө боюнча комиссия тарабынан тиешелүү акт түзүлгөн. Кароо учурунда төмөндөгүлөр аныкталган: түштүк тарабындагы 3 метр аралыгында таянычы чөгүп, жарака кеткен. Мындан улам жалпы 10 метр көпүрөнүн 7 метр аралыгы менен унаа өтүүгө уруксат берилген. Ошондой эле, «10 тонна массага чек коюу» жол белгилери орнотулуп, «Ат Минералз» ЖЧКсына 1,5 ай убакыттын ичинде көпүрөнү реконструкциядан өткөрүлүшү милдеттендирилген.

2019-жылдын 30-августунда жогоруда аталган көйгөй Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов алып барган кеңешмеде көтөрүлгөн. Маселе боюнча Нарын ОИИБдин ЖКККБнын башчысы, милициянын подполковниги Ж.Жумаев тарабынан маалымат берилип, көпүрөнүн абалы жол кыймылынын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч берип жаткандыгын билдирген. Аталган кеңешменин жыйынтыгы менен көпүрөнүн авариялык абалын алдын алуу жана кесепетин жоюу боюнча тийиштүү чечим кабыл алуу жагы Нарын райондук мамлекеттик администрациясына милдеттендирилген.

«Азыркы убакта аталган көпүрөнүн абалы жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жараткандыгына байланыштуу бул жол тилкеси авариялык кооптуу участок деп таанылып, Нарын ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан тиешелүү карта коюлган.

Нарын облусунун аймагында жол кырсыктарынын көбөйгөнүнө байланыштуу Нарын ОИИБ тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен берилген сунуштаманын негизинде Нарын ОИИБ боюнча ЖКККБнын башчысы, милициянын подполковниги Жумаев Жакып Кеңешбекович кызматтык милдетинен четтетилген», - деди ал.

Нарын облустук ЖКККБнын мурдагы башчысы Жакыпбек Жумаев кызматтан алынышынын себебин көпүрө тууралуу түзүлгөн документке кол койбогондугу менен байланыштырууда.

«2019-жылдын жазгы-күзгү иликтөөсүндө аталган көпүрө авариялык абалда деп мурда эле Нарын ОИИБдин ЖКККБнын каттоосунда турган экен. 2019-жылы июнь айында алтын иштеткен компаниянын оор жүк ташыган унаалары өтүп жатканы боюнча жергиликтүү тургундардан арыз-даттануулар келе баштаган. Аталган унаа жолунун 3-8-чакырымындагы көпүрөнүн эки тарабына тең массага чек коюу боюнча буйрук бергенбиз. Ал жол тейлөө мекемеси тарабынан 5 күндүн ичинде аткарылган. Мындан тышкары ушул көпүрөнүн өзүн Нарын ОИИБдин ЖКККБнын кызматкерлери июль айында карап чыкканбыз. Ошол учурда оор жүк ташыган унаалардын ээлерин таба албай жатканбыз. Текшерүү учурунда көпүрөгө жакын жолдо бузулган оор жүк ташыган унааны барып карадык. Ичинде оор салмактагы таштар (руда) жүктөлгөнүн байкап, оозеки эскертүү бергенбиз. Ошондон кийин 20 күндөй унаалар өтпөптүр. 23-августта мен иш-чараларга байланыштуу Кочкор районуна баргам. Андан кийин түнкү саат 23:00 чамасында Нарынга баратканда Долон ашуусунан онго жакын ушундай оор жүк ташыган унааларды көрдүм. Жогору көздөй келе жатышкан унааларды токтотуп сурай алган жокпуз. Кырк боз үй аймагындагы тургундардан сураштырсак, "ушу көпүрөдөн 12 унаа руда ташып өтүштү" деп айтышты. Эртеси бул боюнча облустук өкүлчүлүккө, УКМКнын облустагы бөлүмүнө, ӨКМдин облустук башкармалыгына билдиргем. Андан соң облустук кеңешме өткөрүлгөн. Ага тиешелүү органдардын өкүлдөрү катышып, кеңешменин жыйынтыгы менен комиссия түзүлгөн. Биз 29-августта комиссиянын мүчөлөрү болуп көпүрөнүн алдына түшүп, баарын көрүп, унааларды өткөрүүгө болбойт деген жыйынтыкка келгенбиз. 30-августта Нарын районунун акиминин орун басары Жанышбек Ибраимакун уулу мага телефон чалып, "сизге бир кызматкеримди жиберем, актка кол коюп бериңиз" деди. Мен болсо күндүн экинчи жарымында кызмат ордума келсем, акты алып келишиптир. Аны 29-августта түзүшкөн. Мындан тышкары документке таянычтары чөккөн, бирок жаңы жарака байкалбайт деп жазышкан. Ошондой эле, көпүрөнүн 7 метр аралыгы менен унаа өтүүгө болот деп белгилеп, кол коюшуптур. Мен ага каршы болуп кол койгон эмесмин. Себеби, көпүрөдө жаңы жаракалар күндөн күнгө көбөйүп жаткан. Ал көпүрөдөн унаа өтүүгө болбойт деп каршы болгом.

Менин кызматтан алынышым Нарын облусунда жол кырсыктарынын өсүп кетишине байланыштуу эмес. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын алсак, Нарын облусунда жол кырсыктары былтыркы жылга салыштырмалуу 8,06 пайызга төмөндөгөн. Ал эми 7 айды алсак, жол кырсыгы 3,85 пайызга төмөндөгөн. Ошондой эле 8 айдын жыйынтыгын ала турган болсок, эч кандай жол кырсыктарынын көлөмү өскөн эмес. Менин кызматтан кетишимдин себеби көпүрөгө түздөн-түз байланыштуу. Эки жолу түзүп келишкен актка кол койгон эмесмин. Ошондон кийин менин үстүмөн кызматтык иликтөө башталды. 5-сентябрда мени кызматтан четтетүү боюнча буйрукка кол коюлуптур»,- деп кошумчалады ал.

Аймактык кабарчы «Ат Минералз» ЖЧКсы иштеткен кенге барып, алгач жетекчилик менен жолугушууга жана кенди видео, сүрөткө тартууга мүмкүнчүлүк ала алган эмес. Андан кийин аталган ЖЧКнын тоо инженери боюнча башкы адиси Өмүрбек Түлөбаев менен сүйлөшкөн.

«Бул жерде азыр казуу, тазалоо жана даярдык иштери жүрүп жатат. Биз мыйзамдуу иш жүргүзүп келебиз. Бул жакка фабрика курууга уруксат берилген эмес. Рудалар ташылып кетет. Бүгүнкү күндө бул жерде экскаватор, атайын унаалар, бульдозер, погрузчик, "Хово", "Тонар" унаалары бар. Биз көпүрөнү оңдоп-түзөө иштери боюнча КРдин Транспорт жана жолдор министрлигинен уруксат алганбыз. Учурда долбоорун күтүп жатабыз. Өзүбүз дагы долбоордун негизинде иштеп жатабыз. Бизде ташуу иштери жүрө элек. Бир же эки айдан соң ташуу иштери жүрөт. Буга чейин эч кандай руда ташылган жок. Техникалык экспертиза жүргүзүүгө эле ташуу иштери жүргөн», - дейт ал.

«Ат Минералз» ЖЧКнын директору Ринат Субанов жергиликтүү бийликтин чек коюп, унаа өткөрбөөгө укуктары жок экенин айтты.

«Көпүрөнүн айынан кызматтан кеттим деп жатыптыр. Бул көпүрөгө ал кишинин тиешеси жок. Эмнеге ишин көпүрөгө байлап жатат билбейм. Биз өтө электе эле жол белгилери коюлган экен. Мурда да авариялык абалда болуп оңдошуптур. ӨКМдин корутундусу жок, өздөрү эле жол белгилерин мыйзамсыз коюп коюшкан. Биз көпүрө салып беребиз. Долбоор даярдалып жатат, долбоор бүтсө эле баштайбыз. Азыр руда тартылган жок, кенде тазалоо иштери жүрүп жатат. Буга чейин кен ташыганбыз, аларды текшерүүгө, эксперт жүргүзүүгө ташыдык. Эми бара-бара көпүрө жасалат. Бизде ИИМдин ардагерлери да иштешет», - деди Р.Субанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×