Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Нарын облусуНарын району 22.10.2019 22:05 На русском

Жаш талант: 15 жаштагы Айым гүл жасап, акча табуунун жолун тапты

Turmush -  15 жаштагы Айым Адил кызы гүл жасап, аны сатып киреше табат. Тапкан акчасына окуу куралдарын жана өзүнө керектүү буюмдарды сатып алат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Айым Адил кызы 2004-жылы Нарын районуна караштуу Учкун айылында туулган. Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде 10-класста окуйт. 6 бир туугандын ортончусу. Апасы айылдагы ФАПта медайым болуп эмгектенсе, атасы айыл чарба менен алек.

«Мен кол өнөрчүлүк менен 3 жылдан бери алектенем. Кагаздан гүлдөрдү жасап сатам. Бир тууган эжем гүл жасачу, андан үйрөнүп алгам. Башында мугалимдерге белекке берип жүрдүм. Кийин окуучулар баалады окшойт, майрамдарда буйрутма бере башташты. Айыл жергесинде анча баалуу боло бербейт. Майрам күндөрү 1000 сомдой түшөт. Бирок мага чоң эле акча. Окуу куралдарды алууга жетет. Ата-энемди кыйнап үйдөн акча сурабайм, өзүм эле акча таап алганга аракет кылам.

Кагаздарды дүкөндөрдөн сатып алып жасайм. Ар бир букеттин орточо баасы 250-300 сомго чейин болот. Аны жасоого 2 сааттай убакыт кетет. Гүл жасоону үйрөнгүсү келгендер келишет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×