Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 19.10.2019 10:47 Жаңыланды: 19.10.2019 22:04 На русском

«Арабдар Ат-Башыга таштап кеткен бала»: Уилл Смит-М.Алмакунов «кыргыз тилин 3 айда үйрөндү» (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылынын 27 жаштагы тургуну Максат Алмакуновду тааныштары америкалык актёрлор Уилл Смитке, Крис Такерге жана ырчы Бруно Марска окшоштурушат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, айылдаштары аны ар улуттун өкүлдөрүнө окшоштура беришет.

«Мектепти 2010-жылы бүтүргөм. Окуучу кезимде иш-чараларга активдүү катышып, мектептин президенти болууга да жетиштим. Ошол кезде гид болууну кыялданып, Бишкек шаарындагы Туризм академиясында билим алууга бардым. 2-курсту аяктап калганымда кесибиме байланыштуу Түркиянын Анталья шаарына тажрыйба алмашууга барып, ал жерде жарым жыл иштедим. Андан соң Египеттеги Шарм-эль-Шейх шаарында гид болуп иштөөгө сунуш түшүп, ал жакта дагы жарым жыл иштедим. 2014-жылы окуумду аяктап калганда Таиланд өлкөсүндө иштөөгө сунуш түшкөн. Бирок андан баш тартып, өзүмдүн кичи мекениме келип иштеп жатам.

Ал эми келбетим тууралуу айта турган болсом, мени кичинекей чагымдан бери эле араб, түрк, индус, пакистандыктарга көп окшоштурушат. Айрымдар америкалык актёрлор Уилл Смитке, Крис Такерге жана ырчы Бруно Марска түспөлдөштүрүп, «ак калпакчан Уилл Смит» деп коюшат. Бирок өзүм ата-энеме эле окшошмун (күлүп).

Чет өлкөдөн дагы кыргыз экениме көптөр ишенчү эмес. Кээде шляпа кийип жүргөнүмдө америкалык ырчы Бруно Марска окшоштурушкан. Келбетим менен көп кызыктуу окуяларга кабылам. 5-класс кезимде биздин ыраматылык Умар агайыбыз чет өлкөлүк донорлор менен көп иштешчү. Бир жолу америкалык коноктор келип, биздин классыбызга кирди. Алар мени көргөндө сүрөткө тартып, агайга суроолорду берип жатышты. Ошол күнү көз тийди окшойт, айтор абдан ооруп калгам (күлүп). Кийинки жылы агайыбыз Америкага барып калып, ал жактагы бир университетте менин сүрөтүм илинип турганын айтып келген.

2014-жылы айылыбызда арабдардын кайрымдуулук фондунда иштеп калдым. Жаңы жумушка киргенимде эл ичинде «атайын арабдарды алып келип иштетип жатат» деген сөз чыккан. Айылдаштарымдын көбү кеңсеге киргенде мени көрүп, кайсы тилде сүйлөй турганын билбей туруп калышчу. Иш-чараларга биринчи барып калганда көпчүлүк мени араб фондунун жетекчиси деп ойлоп, ыраазычылыктарын билдиришчү. Бир аздан кийин директорубуз кирип келсе аны бир карап, мени бир карап, кимиси жетекчи деп түшүнбөй калган күндөр болгон. Анан мен кыргызча сүйлөгөндө «апей, сен кыргыз белең?» дешчү.

Базарга барып соода кылганда же шаардан шоро, максым алып ичип калганымда сатуучулар кыргызча сүйлөгөнүмө таң калышып, «Кыргызчаны кайдан үйрөнүп алгансың? Аябай так сүйлөйт экенсиң» дешет. Мен дагы сыр бербей, «3 айдын ичинде так сүйлөгөндү үйрөнүп алдым» десем мактап калышат. Кээ бир учурда досторум «Сени Улуу Жибек Жолунан өткөн кербендер таштап кетсе керек. Арабдардын баласысың» деп тамаша кылып калышат», - деди ал.

Максат мырза 5 бир туугандын кичүүсү. Учурда үй-бүлөлүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×