Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 09.10.2019 13:04

Ак-Талаанын Терек айылдык китепканасына 850дөн ашык китеп тапшырылды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылында «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында айылдык китепканага 850дөн ашык китеп тапшырылгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 9-октябрда китеп тапшыруу иш-чарасы белгиленип, ага райондук бийликтин өкүлдөрү, мекеме-ишкана жетекчилери жана аталган долбоордун өкүлдөрү катышты.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө район бийлиги тарабынан долбоорду негиздеп, ишке ашырып жаткан Бакай Акылбеков, Эрлан Смайыл уулуна ыраазычылыктар билдирилди. Ошондой эле иш-чарага катышып жаткандар тарабынан адабий китептер тапшырылды.

Ал эми акимдин орун басары Кенжегүл Карагулованын айтымында, аталган долбоордун алкагында республика боюнча 48 миң китеп чогулуп, анын баасы 13 млн сомду түзгөн. Ал эми район боюнча 5 250 китеп чогулган.

Иш-чара окуучулардын чакан концерти менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×