Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 09.10.2019 12:52

К.Молдобасановдун 90 жылдыгы: Теректе футболдук мелдеш башталды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылында белгилүү композитор Калый Молдобасановдун 90 жылдыгына карата жаштар арасында кичи футболдук мелдеш башталгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 9-октябрда композитор К.Молдобасановдун 90 жылдыгына арналган футболдук мелдештин ачылыш аземине акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук токой чарбанын башчысы Рысбек Каналиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, айыл өкмөт башчысы Съездбек Мыктыбеков, «Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмесинин төрагасы Токтосанат Сапарбеков, К.Молдобасанов атындагы фонддун төрагасы Бердигул Чойбеков, жергиликтүү тургундар жана жаштар катышты.

Футболдук мелдешке жалпы айыл аймактардан 10 команда оюн талаасына чыгып, күч сынашмакчы. Ал эми байге фондун аталган жаштар бирикмесин түптөп, буга чейин төрагалык кылып келишкен инсандар 5 миң сом жана К.Молдобасанов атындагы фонд 1 козу коюп беришкендиги маалымдалды.

Мелдешти жаштар уюму жана райондун спорт инструктору уюштурду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×