Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 08.10.2019 16:37

Ат-Башыдагы 5 көчөнү асфальттоо иши башталды

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунун борбору Ат-Башы айылында 5 көчөнү асфальттоо иши башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы айылдык кеңешинин төрагасы Турат Ыдырысов билдирди.

Маалым болгондой, Ат-Башы айылындагы Чеч-Дөбө, Сулайманов, Салымбеков, Өмүракунов, Иманбердиев көчөлөрүн асфальттоого 1,5 миллион доллар каражат Бишкек—Торугарт жолун жасоодон (272-365-чакырым) үнөмдөлгөн 5 039 889 доллар акчадан бөлүнгөн.

«Бул жол Бишкек—Торугарт жолунан үнөмдөлгөн каражаттын бир жарым миллион долларына асфальтталып жатат. Бөлүнгөн акчаны кийинки жылдын 31-августтуна чейин өздөштүрүп бүтүрүү талабы коюлду. Буюрса, ат-башылыктар кийинки Эгемендик майрамда асфальт жолдо жүрүп калышат», - деди ал.

Жолдун жалпы узундугу 5 чакырымды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×