Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуКочкор району 08.10.2019 15:21 На русском

К.Молдобаев кочкорлук жердештерине тайгандын артыкчылыгын айтып берди

Turmush -  Кубанычбек Молдобаев эки жылдан бери кыргыз тайганын багып келе жатат. Ал кичи мекени Кочкор районуна келип, тургундарга тайгандын артыкчылыктары тууралуу айтып берди.

«Өзүм бош убактарда айдоочулук кылып, жүргүнчүлөрдү ташып иштейм. Башка жумуш кылайын десем тайгандарга көңүл бурууга, салбуурун оюнуна барууга убакыт таба албай калат экенмин. Үй-бүлөм, ата-энем Ак-Бата конушунда турушат. Кочкордон ал жерге көчүп кеткенибизге 25 жылдай болду. Кочкордо жашап жүргөндө бала күнүмдө атам Муратбек Молдобаевдин Учар деген тайганы бар эле. Ошол тайгандын күлүктүгүнө, шамдагайлыгына кызыгуум артып, тайган багууга дилгир болуп чоңойдум, Тайган багып, салбуурунга катыша баштаганыма эки жыл болду. Азыр колумда төрт күчүк бар. Аттактуу тайгандардын тукумдарынан. Айылда (Кочкордо) эки чоң тайганым бар. Ата-энем тайгандарымды багууга жардамдашат. Кочкор районундагы Таалай Осмоналиев деген тайган баккан байке менен байланышып, тайгандын күчүктөрүн беришип турам. Таалай байке Кочкордо кыргыз тайганын жайылтуу боюнча иш алып барууда. Билгендерибизди бөлүшүп турабыз.

Эки жыл мурда Токмок шаарында «Санат куумай» деген салбуурун оюнунда тайганым менен тазалык боюнча биринчи орунду алгам. Ошондон бери тайгандарымды карап, чырга сүйрөтүп, таптаганга убакыт кетиремин. Майрам күндөрү, салбуурундарга катышып байгелерге ээ болуп келе жатам», - деди ал.

Кубанычбек кыргыз тайганынын түзүлүшүн айтып берди.

«Илгертен ата-бабабыз ит агытып, куш салып келген. Тайгандар бир айыл элди ачкачылыкта эт менен баккан. Ошол ата-бабабыз багып келген тайгандын тукумун үзбөй улантуу биздин парзыбыз. Тайган өзү адамга башка иттерге караганда жакын болот. Эч качан тайган балдарды каап, тиштебейт. Тескерисинче балдарга жакын болуп, ойногонду жакшы көрөт. Тайган табиятынан жоош болот. Ал аңчылыкка чыкканда көзүнүн көрөгөчтүгү, жыт сезгендиги, эр жүрөктүүлүгү, күлүктүгү менен алдындагы аңды куткарбайт.

1965-жылдан бери чоң кинологдор кыргыз тайганын стандартка киргизген. Негизгизи кыргыз тайганынын жон жагында жүнү жогураак болот. Эки капталында жүн болот. Кулактарынын узуну мурдунун учуна чейин жетет. Тумшугу узун болуп, чокусу экөө бирдей түз болот. Бир аз кашы бар. Арткы туяктары коён туяк болуп, чуркаганда бүгүлүп оңой жана жеңил чуркайт. Секиргенге ылайыктуу. Эң күлүк тайгандар чуркаганда арткы туягы кулагын тытып койгон учурлар болгон. Арткы соорусу (куймулчак жагы) алаканды койгондо, беш эли батыш керек. Төштөрү кеңирээк болот. Мына ушул сыяктуу кыргыздын тайганын өстүрүп, көбөйтүү аракетин көрүп жүрөбүз. Жаштарыбыз башка терс нерселер менен алек болбой кыргыз тайганын багып кетсе деген тилектебиз. Тайган багуудан сырткары жаа атуу, бүркүт салуу сыяктуу иштерге да кызыгам», - деди Кубанычбек Молдобаев.

Кубанычбек Молдобаев 1987-жылы Кочкор районунда төрөлгөн. Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинде 1-класстан 3-класска чейин билим алган. Андан кийин шартка байланыштуу Бишкек шаарындагы Ак-Бата жаңы конушуна көчүп кетишкен. Ал жакта №10 мектепте билим алуусун уланткан. Өзү үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×