Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 08.10.2019 09:10

Нарында айрым апаларга «Эл сыймыгынын ээси» төш белгиси тапшырылды

Turmush -  Нарын шаарында Карыялардын эл аралык күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага облус аймагынан 150гө чукул карыялар чакырылып, аларга сый тамак уюштурулду. КРдин Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Улан Асанов Жалалович, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын районунун акиминин орун басары Сымбаткан Аттокурова жана Нарын райондук социалдык фонд башкармалыгынын жетекчиси Жаныбек Дордоев карыяларды майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук каалашты. Айрым апаларга «Эл сыймыгынын ээси» төш белгиси тапшырылды.

Карыялар күнүнө карата бир айлык жарыяланып, анын алкагында ар кандай иш-чаралар жүрүп жатат. Учурда облуста 50 миңден ашуун пенсионер бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×