Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 07.10.2019 10:03

Ат-Башыда 7 бодо малды унаа сүзүп өлтүргөн

Turmush -  Учурда жайлоодон мал түшүп жаткандыгына байланыштуу жол кырсыктарынын алдын алуу багытында фермерлерге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талант Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, акыркы бир айдын ичинде 7 бодо малды унаа сүзүп өлтүргөн.

«Жолдун жээгинде малдар каралбай калып жатат. Кырсык адам өлүмүнө чейин алып келиши мүмкүн. Андыктан мал ээлери малдын моюнуна түн ичинде чагылуучу ленталарды тагышы керек. Элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×