Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуКочкор району 06.10.2019 13:20

Кочкордогу Т.Усубалиев атындагы мектебине ноутбук берилди

Turmush -  Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы Турдакун Усубалиев атындагы орто мектебинде Мугалимдердин кесиптик күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтанаттуу кечеге мурдагы мектеп директорлору, ардагер мугалимдер катышты. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Сабыржанов мугалимдерди майрамы менен куттуктап, 28 000 сомдук ноутбук тапшырды. Алдыңкы мугалимдерди айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы менен сыйлады. Ошондой эле, мектептин директору Жумабек Абиев бир катар мугалимдерди, жакшы иштеген техкызматкерлерди мектеп администрациясынын ардак грамоталары менен сыйлап, майрамы менен куттуктады. Мектеп окуучуларынын өздүк көркөм чыгармачыл тобу агай-эжейлерге арнап концерт коюп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×