Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуКочкор району 05.10.2019 16:46

Кочкордун Көк-Жар айылында 3 млн сомго балдардын ойноочу жайы жасалууда

Turmush -  Кочкор районундагы Көк-Жар айылында 3 миллион сомго балдардын ойноочу жайы жасалууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Сабыржанов билдирди.

Анын айтымында, аталган жайды жасоо үчүн түрткү берүүчү гранттын эсебинен 3 миллион 225 миң 900 сом бөлүнгөн. Тендер жарыяланып, аны утуп алган компания 3 миллион сомго жасап жатат.

«Айыл тургундары үчүн балдардын ойноочу жайы жасалып жатат. Буга жанаша волейбол, футбол ойной турган аянт, жайкысын балдар ролик, кышкысын коньки тебүүчү аянтча курулууда. Буюрса иш аяктап, жакында ачылышы өткөрүлмөкчү», - деди Ж.Сабыржанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×