Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 04.10.2019 14:05 На русскомНа русском

Айыл турмушу: 116 жаштагы нарындык Расия апа узак жашоонун сырын айтты

Turmush -  Нарын облусунда эң кары адам быйыл 116 жашка чыкты. Ал Ат-Башы районунда жашайт.

Расия Черикбаева 1903-жылы Нарын районуна караштуу Куланак айылында туулган. Атасы Черикбай кулакка тартылып кеткен. Апасы 15 бала төрөп, анын көбү чарчап калган. Кызы Замира Султанованын айтымында, Расия апа жаш кезинде колунан көөрү төгүлгөн кол өнөрчү болуп, айылдаштарына ичик тигип берчү.

«Ак-Жарда чегир деген уруу болгон экен. Алардын жакшылык-жамандыгында акыл-насаат айтып, алардын айрым маселелерин чечип берчү. Экинчи жолдошу өзүнөн 20 жашка улуу болгон, ал адам 1981-жылы каза болгон», - деди ал.

Расия апа согуш убагында тылда иштеген. 1946-жылы Ленин орденин алган. Учурда 3 уулу, 1 кызы, 20 небере жана 38 чөбөрөсү бар.

«Куланак деген айылда алма, өрүк, карагат, кожогат жана башка жемиштерди өстүрүп иштедим. Буларды өстүрүүнүн сырын Москва шаарынан келген аял үйрөттү.

Куланакка келин болуп баргам. Ал жолдошум согушка кетип келбей калды. Бир балалуу болгонбуз, бирок чарчап калды. 1952-жылы Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылынын тургунуна турмушка чыктым. Бир кыз, үч уулдуу болдук. Көптөн бери төрөбөй жүрүп, 30 жаштан өткөндөн кийин төрөдүм. Ал кезде жашоо кыйын болчу. Түн ичинде кемпирлерге жип ийритип, күндүз келиндерге колкап түйдүрчү. Үйгө жатмай деген жок. Жер сугардым, чалгы чаптым. Колхоздун коюн бактырып, уюн саадырчу», - деди ал.

Расия апа: «1946-жылы Куланак боюнча жалгыз мага Ленин орденин беришкен. Москвага барып келесиң деген, энем ооруп калып барбай калдым. «Эмгектин ардагери» деген наамды бербей коюшту. Кийин архивден карап, мен жөнүндө маалыматтар чыкты. Ошондо 2008-жылы ардагерлердин катарына кошушту. 2-3 жылдан бери 9-май күнү 10 миң сом алам, пенсиям 6 миң сом. 5-6 жылдан бери ооруп жүрөм», - деди.

Расия апа мүнөздөп тамактанат. Тазалыкты жакшы көрөт. Узак жашоонун сыры — көп суу ичүү дейт.

«Жаңы төрөгөндө 40 күн бою суу ичип, организмди тазалачумун. Азыр дагы оорусам эле суу ичем», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×