Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 04.10.2019 10:50

«Кырсыктын тобокелдигин азайтабыз!»: Ак-Талаада жөө жүрүш өттү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда «Кырсыктын тобокелдигин азайтабыз!» аттуу жөө жүрүш өткөндүгүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришти.

3-октябрь күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин талаптарына ылайык, өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аракеттенүү, өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин окутуу, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу максатында жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттарынын кышка даярдыктары боюнча саптык кароо өткөрүлдү. Андан сырткары, жарандык коргонуу кызматтарынын техникаларынын, кызматкерлеринин жана окуучулардын катышуусунда «Кырсыктын тобокелдигин азайтабыз!» аттуу ураандын астында жөө жүрүш өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×