Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 04.10.2019 08:30

Жерге-талдыктар 6 кырлуу үрөндөн гектарынан 45 центнерден түшүм алышты

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылындагы дыйкандар 6 кырлуу арпа айдап, гектарынан 45 центнерден түшүм алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл башчы Ирбис Итикулов билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылы аталган айылда үрөн фонду түзүлүп, 32 гектар аянтка арпанын гетьман жана гелиос сортундагы үрөндөрдү себишкен. Гетьман сортундагы үрөндөн гектарынан 35 центнерден түшүм алышса, ал эми гелиос сортундагы үрөндөн гектарынан 45 центнерден түшүм алышкан.

Мындай өлчөмдө түшүм алуу союз тарап кеткенден бери дээрлик болгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×