Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 03.10.2019 12:26

Ат-Башыда «Жыл мугалими-2019» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Ат-Башы районунда «Жыл мугалими-2019» кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кароо-сынакка 21 мугалим катышты. Анын жыйынтыгында баш байгени Боогачы орто мектебинин, 1-орунду Осмоналиев атындагы мектебинин, 2-орунду Мурзакматов атындагы мектебинин, 3-орунду Асеков атындагы орто мектебинин мугалими алды. Баш байгеге демөөрчүлөр тарабынан газ плита, 1-орунга кир жуучу машина, 2-орунга нан бышыруучу печка, 3-орунга чаң соргуч коюлду. Калган мугалимдерге кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×