Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 27.09.2019 17:21

Миң-Куштагы ашкана спорт залга айланды

Turmush -  Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы кароосуз калган ашкана оңдоп-түзөөдөн өтүп, спорт залга ылайыкталып жасалууда. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Канат Алманбетов билдирди.

Анын айтымында, аталган жай демөөрчү тарабынан 500 миң сомго жасалууда.

«Спорт зал бардык шарты менен жасалып жатат. Миң-Куш айылынын жаштарын сергек жашоого үндөө, аларды спортко тартуу иштерин улантабыз»,- дейт К.Алманбетов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×