Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 25.09.2019 09:56

Денесине кирген темене менен 6 жыл жүргөн кол өнөрчү, бөйрөгү жарылган тургун: Ак-талаалык хирургдун тажрыйбасы

Догдурбек Бектуров
Догдурбек Бектуров

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук Орозбек Көккөзов атындагы аймактык оорукананын хирургу Догдурбек Бектуров бул тармакта 38 жылдан бери иштеп келе жаткандыгын, хирургиянын терең сырларын аймактык кабарчы менен бөлүштү.

Бектуров Догдурбек Бектурович 1957-жылы 24-августта Кара-Бүргөн айылында туулган. 1964-1974-жылдары Кара-Бүргөн айылындагы Жеңиш (азыркы Мукаш Базаркулов) атындагы орто мектебинде билим алган, 1975-1981-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо бөлүмүндө билим алган. 1981-1982-жылдары Нарын облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө интернатурадан өткөн, 1982-1985-жылдары Нарын облустук ооруканасында хирург, 1985-2014-жылдары Тогуз-Торо райондук ооруканасында хирургия бөлүмүнүн башчысы, хирург, 2014-2015-жылдары Ак-Талаа райондук О.Көккөзов атындагы аймактык ооруканасында хирург, 2015-жылдан 2018-жылдын июнь айына чейин Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасынын башкы дарыгери, 2018-жылдан ушул учурга чейин аталган оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келүүдө.

КРдин президентинин ардак грамотасы, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланган, «Саламаттыкты сактоонун мыктысы» жана башка облустук, райондук сыйлыктарды алган.

Үй-бүлөлүү, жубайы Бейшебүбү Шейшенова терапевт-дарыгер. 2 уул, 2 кыздын атасы жана 3 неберенин чоң атасы.

38 жыл хирург кызматын аркалап, адамдардын өмүрүн узарткан Д.Бектуров дарыгерлик кесипти тандап алуусунун себептери менен бөлүштү.

«Менин хирург болуп калышымдын бирден бир себеби, ата-энем догдур болсун деп тилек кылышып, атымды Догдурбек коюшкан экен. Экинчиден, окумуштуу агабыз Токтосун Топчубеков көп багыт берди. Мага эле эмес Ак-Талаадагы көптөгөн дарыгерлердин бардыгына жардам берген. Медициналык окууга өтүп, аны аяктагандан бери ушул кесипти аркалап келе жатам. Жубайым дагы дарыгерлик кесиптин ээси. Союз учурунда чет жакка иштеп келүү деген бар болчу. Бир бригадада 40тан студент болгондо дагы 200дөй студент сыртка чыгарылып иштеп келер эле. Анын ичинде кыздардын отряды дагы бар эле. Мен 1975-1976-жылдары Якутияда иштедим. Ошондо жубайым менен таанышып калып, окууну бүткөнгө чейин сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Азыркы учурда жубайым жогорку категориядагы дарыгер», - деди Догдурбек агай.

2019-жылдын 29-август күнү ишиндеги жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын президентинин ардак грамотасына ээ болгон ак халатчан кесибинин артыкчылыктарын айтып берди.

«Эми бардык кесип ардактуу деп коёт эмеспи. Ар бир кесиптин артында түйшүгү, татаалдыгы бар. Студент кезде эркек балдардын арасында хирург болуш керек деген ой же кандайдыр бир атаандаштык пайда болуп, мен дагы хирург адистигин тандап алгам. Муну акыл калчап, жоопкерчилигин, татаалдыгын түшүнүп, талдап туруп тандоо зарыл. Хирург — башка дарыгерлик адистиктен айырмасы татаалдыгында жана кымбаттыгында. Окуп, билим алып жаткан учурда бардык сынактардан кулап калбай өтүп кетүүң керек. Кыскача айтканда, окууну бүткөндөн кийин кесипти аркалап баштаганың — бул кайрылган бейтапка экинчи өмүр берүү деген чоң жоопкерчилик турат.

1981-жылдары союз учурунда дарыгерлерди облустарга чактап эле берип, биз облуска келгенде жаш кадр деп резервге гана алып коюшчу. Ал кезде дарыгерлерге көп деле суроо-талап деле болчу эмес. Даргерлер жетиштүү эле. "Сен резервдеги гана кадрсың, биз айдаган жакка барып иштейсиңер" дечү. Башка кызмат талаша алчу эмессиң. 1981-жылы облустук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн буйругу менен Тогуз-Торого хирург болуп кеткем. 2014-жылы ошол кездеги район акими Семетей Черикбаевдин чакыруусу менен өзүмдүн туулган жериме келип иштеп калдым», - деди Д.Бектуров.

Анын айтымында, хирургдар операция кабинетине кирерде чоң жоопкерчиликти сезип кирет .

«Операцияга кирип бара жатканда коркуу деген сезим болбойт. Болгону чоң жоопкерчиликти сезип киресиң. Качан гана операция жасап жаткан учурда бейтаптан токтоосуз кан кетип, анын акыбалы начарлап калганда заманаң куурулат. Бейтаптын кесчү жерин кесип, алчу жерин алып, тикчүсүн тигип, кыскасы операция бүткөндө "аман калса экен, жашап кетсе экен" деп тилене баштайсың. Ошол бейтаптын 5 күн болобу, 10 күн болобу ден соолугу калыбына келе баштаганда гана сезимиңде кубаныч пайда болот. Операция жасоо учурунда эч нерсени ойлонбойсуң. Өзүңдүн ишиңди так аткаруу зарыл.

Ишибизде көптөгөн окуялар кездешет. 1989-жылдары болсо керек. 20-25 метр бийиктиктен бир адам жерге кулаган учур катталды. Ооруканага алып келишти. Ал адамдын акыбалы абдан оор. Колу-буту сынып, сөөктөрү бүт ажырап кеткен, боору, көк боору, бөйрөгү жарылган. Ал бейтапка жасаган операциям ийгиликтүү өтүп, кудайдын колдоосу менен ал адам аман калган. 5-6 күндөн кийин Бишкекке барышты. Ал жактан "бул операция сонун, кылдаттык менен жасалган. Ушуну менен эле айыгат" деген билдирүү колубузга тийген. Эми көп эле окуя болот. Анын баарын эстеп жүрө албайсың.

Бир аял киши шырдак шырып жатып арткы дене бөлүгүнө темене кирип кеткен экен. 5-6 жыл бою "белим ооруп жатат" деп дарыгерлерге кайрылып, дарыланып жүрө бериптир. 5-6 жылдан кийин мага кайрылып калды. Ооруган жерин аппаратка салып, жакшылап карасам карарган буюм турат. Операция кылсам кадимки эле темене экен. Аябай карарып кетиптир. Айнек же темир заттар адамдын этине кирип кетсе 10-15 жыл бою деле жүрө берет», - деди агай.

Д.Бектуров: «Оор операциялар 2 сааттан 6 саатка чейин созулат. Операция ийгиликтүү өттү же ийгиликсиз өттү деп айтууга болбойт. Ал бейтапка көз каранды. Оорусу күчөгөн, өзгөчө авария болгон, бычак жеп калган бейтаптарга операция кылсаң деле өмүрүн сактап кала албайсың. Айрымдары операция учурунда жүрөгү токтоп калат. Албетте, мындай учурларда анын жакындары нааразы болбой койбойт, "нервди ооруткандар" болот. Бирок, убакыттын өтүшү менен туура түшүнүп "аракет кылдыңар, рахмат" деп калышат. Бир жолу бирөөнү бирөө шиш менен сайган экен. Өпкөнү тешип өтүп жүрөгүнө жаракат кетип калыптыр. Бирок убагында операция жасап, өпкөсүн дагы, жүрөгүн дагы тиктим. Бул өтө оор операция эле. Ошондо да адамдын өмүрүн сактап кала алдык. Көк боор жарылган учурлар абдан көп кездешет. Бирок, көк боорун тикпейбиз, таптакыр эле салабыз. Адам көк боорсуз эле жашай берет. Көк боор кан чогултуу функциясын аткара турчу орган. Андан сырткары, ичеги-карын ооруларына, сыныктарга, бөйрөк, боор, өпкө, өткө операция жасайбыз», - деди.

Улуу уулу Искендер Догдурбеков, ал эми ата-эне жолун жолдоп, дарыгерлик кесипти тандап алган кызы Нарина Догдурбекова терапевт. Андан кийинкилери Алтынай Догдурбекова жана Гүлжигит Догдурбеков.

Д.Бектуров Ак-Талаа райондук ооруканасында башкы дарыгерлик милдетти аткарып турган учурда бир катар иштер аткарылган. Оорукананы альтернативалык жылытуу максатында бир корпусуна жана Чолок-Кайың айылындагы филиалына от казандар коюлуп, натыйжада 500 миң сомго чейинки үнөмдөө иши аткарылып, оорукана насыялык карыздан толук кутулган. Андан тышкары «Чөптүн тамыры адамзаттын коопсузудугу» аттуу чет элдик грантка долбоор жазылып, анын негизинде ооруканага 6 млн 800 миң сомдук медициналык жабдуулар алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×