Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 23.09.2019 14:03

Жаңы-Талапта кийизден түрдүү буюмдар жасалып баштады

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында жүн иштетүүчү цех ачылып, 6 адам жумуш орду менен камсыздалгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин колдоосу менен 560 миң сомго жүн тытуучу жабдык, 817 миң сомго кийиз жасоочу жабдык алынган. Цехти ачууга жалпы 1 млн 430 миң 145 сом каражат сарпталган.

Цехтин ачылыш аземине акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, айыл өкмөт башчысы Кенжебай Бейшенкулов, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Манас Молдалиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Жүн иштетүүчү цехти ачууну 2018-жылдын декабрь айында пландаганбыз. Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин колдоосу менен цехти ачууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошол учурда кыш мезгили болгондуктан курулуш иштерин жүргүзүү абдан кыйын болду. Ошондо ишти таштап койбой, айылдан демөөрчү дагы издедик. Айылдын 2 тургуну өздөрүнүн чөнтөгүнөн 110 миң сом каражат чыгарып, курулуш иштерин жасашты», - деди айыл өкмөт башчысы К.Бейшенкулов.

Ал эми цехтин башчысы Мирбек Бектенов иш жаңы эле башталганын, ага карабастан кийиз, кийиз чокой жана башка кийиз буюмдар өндүрүлүп жатканын айтты.

«Азырынча буйрутма аркылуу жүн тытып, кийиз жасап жатабыз. Кийиз чокой, кийиз кепич, калпак жана башка буюмдарды өндүрүп баштадык. Жуулган 1 килограмм жүндү 30 сомдон, жуулбаган жүндү 35 сомдон тытып берүүдөбүз. Андан сырткары, кийиз жасаган станоктун жардамы менен 1 ич кийизди 1400 сомдон, өрө кийизди 1600 сомдон жасап берип жатабыз. Учурда кийиз чокойго кызыккандар буйрутма берип жатышат. Кудай буюрса алдыда жакшы пландарыбыз бар. Цехте иштеп жаткандардын бардыгын технологдор окутуп кетишкен», - деди М.Бектенов.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×