Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 23.09.2019 09:45 На русском

Кароосуз калган Чаек автобекети качан оңдолот?

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн Чаек автобекети сүйлөшүү жолу менен жеке айдоочулардын бирине 49 жылга ижарага берилген. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү активисттер билдиришти.

Алардын айтымында, автобекет көп жылдардан бери кароосуз турат. Айланасы курчалбай, ичине кирчү жол жабылган.

«Мурун казылган арыктар ошол бойдон турат. Ал жерде Жумгал автокассасынан бөлөк эч нерсе жок», - деп билдирди активисттер.

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Алымкуловдун айтымында, автобекет мындан 2 жыл мурун Чаек айылынын тургуну Сүйүнбек Сейдакматовго ижарага берилген.

«Аны ижарага сүйлөшүү жолу менен гана бергенбиз. Мыйзамдуу түрдө аукцион өтүп, келишим түзүлгөн эмес. Автобекет айыл өкмөттүн алдындагы муниципалдык автобекет болот. Аны куруп иштетебиз деген балдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буюрса Чаек—Бишкек каттамы аркылуу жүргүнчү ташыган маршруттук таксилерди, жеке таксисттерди ошол автобекетке киргизебиз», - деди Алымкулов.

Жеке ишкер Сүйүнбек Сейдакматов автобекеттин долбоору бүтсө эле жакынкы күндөрү курчоого алынып, оңдоп-түзөө иштери баштала турганын билдирди.

«Биз мурда 5 жылга деп ижарага алганбыз. Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн долбоор керек экен. Аны райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына тапшырып, сураган каражаттарын бергенбиз. Бирок дагы каражат сурап, долбоор бүтө электигин билдирип келет. Долбоорубуз бүтсө эле иш башталмак», - деди Сейдакматов.

Жумгал райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысы Элмира Ашырбаеванын айтымында, автобекеттин долбоору экспертизанын кароосунан өтө элек.

«Автобекеттин долбоору берилген. Аны экспертизанын кароосунан өткөрүү керек. Ал үчүн буйрутмачы эксперт менен келишим түзүп, кызмат акысын төлөө керек. Буйрутмачы С.Сейдакматов келишим түзбөсө, кароо башталбаса, мен кандай иш-аракет жасашым керек?», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×