Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуАлай району 17.09.2019 09:56 Жаңыланды: 22.09.2019 20:01 На русском

Тагдыр: Кош бойлуу Альбина 3 баласын дарылатуу үчүн жардам күтөт (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы Сопу-Коргон айылынын 30 жаштагы тургуну Альбина Кадырова 3 баласын дарылатуу үчүн кайрымдуу адамдардан жардам сурайт. Өзүнүн айтымында, анын 4 баласы бар. Бир айдан кийин 5-баласын төрөйт.

«2011-жылы Алай районунун Жошолу айылынын тургунуна турмушка чыктым. 2012-жылы кыздуу болдук. Төрөттөн кыйналгандыктан кызымдын көрүүсү начар болуп калды. Андан кийин 2014-жылы эгиз уулдарыбыз Амирбек менен Эмирбек төрөлдү. Балдарым бир жашка чыкса дагы отурбай, жөрмөлөбөй, өсүүсү начар болду.

2015-жылы Ош облустар аралык балдар ооруканасында дарыландык. Ошондон баштап 6 ай сайын дарыланып келебиз. Эгиз уулдарым экиге чыкканда аларга шал оорусу деген диагноз коюшуп, Ош шаардык балдар ооруканасы кабыл албай, бизди Кочкор-Ата шаарындагы же Ак-Суу районундагы кайра калыбына келтирүүчү борборуна баруубузду өтүнүштү. Арадан бир аз убакыт өткөн соң, экөөнүн көздөрү көрбөгөнүн айтышты. Азыр балдарым 5 жашкы чыкса дагы акырындан жөрмөлөп калды, бирок сүйлөп, өз алдынча тамак иче алышпайт. Дайыма карап туруу керек.

Буга чейин Бишкек жана Алмата шаарларындагы кайра калыбына келтирүү борборлорунда дарыландык. Ал жактан дагы көздөрү көрбөйт деген диагноз коюшту», - дейт А.Кадырова.

Анын айтымында, аларды Москва шаарындагы адистерге көрүнүүнү сунушташкан.

«Кыргызстанда логопед, дефектолог адистер кабыл албай коюшту. Алар чет мамлекеттерден адистерди чакыруубузду өтүнүштү. Биз Москва шаарындагы кайра калыбына келтирүү борборуна барууну пландап жатабыз. Бирок ал үчүн каражат топтоого чамабыз жетпегендиктен кайрымдуу адамдардан жардам суроого аргасызбыз. Азыр эки эгиз баламды жана улуу кызымды дарылатууга каражат керек болууда. Улуу кызымдын көрүүсү дагы начар. Эң кенже кызыбыздын ден соолугу жакшы. Ал бала бакчага барат.

Буга чейин жашаган жерибиз жок, президентке чейин кайрылып, эки бөлмөлүү үйдү ипотекага алдык. Ага ай сайын 13500 сомдон төлөйбүз. Балдарымдын жөлөк пулун дары-дармекке, тамак-ашка жумшайбыз. Жолдошум оператор болуп иштейт. Балдарымды дарылатууга алып барганда ал дагы жумушунан калып, маянасы кыскарууда», - дейт ал.

Жардам берүүнү каалагандар 0551 39 06 00 номуру аркылуу А.Кадырова менен байланышса болот.

ЭЛСОМ 0551390600.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×