Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 10.09.2019 13:34

Жумгалдагы «Мыскал» шайыр апалар тобу Түркияга барып келишти

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында түзүлгөн «Мыскал» шайыр апалар тобу менен Ч.Дүйшеева атындагы искусство мектебинин окуучулары Түркиянын Афьонкарахисар шаарында өткөн «Түрк тилдүү элдердин маданияты» фестивалына катышып келишти.

«Мыскал» шайыр апалар тобу кыргыз элинин улуттук кийимдерин, музыкалык аспаптарын көрсөтүп, бир катар аймактарды кыдырышты.

Уюштуруучулардын бири Гүлназ Бузурманкулованын айтымында, «Түрк тилдүү элдердин маданияты» фестивалы жогорку деңгээлде өткөн.

«Биз кыргыз элинин маданиятын, улуттук кийимдерин көрсөтүп келдик. Сырттан баргандыктанбы шаңдуу жана жагымдуу маанай менен кабыл алышты. Биздин улуттук кийимдерибизге жана музыкалык аспаптарыбызга кызыккан, суктанган элдер көп болду. Биз бир нече шаарды кыдырып, концерт тартууладык. Бардыгы жакшы, аман-эсен мекенибизге келдик», - деди Бузурманкулова.

«Мыскал» шайыр апалар тобу 2017-жылы республикалык деңгээлде өткөн телесынактын экинчи айлампасында 2-орунду ээлеген. Ушул жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн «Түрк элдеринин маданияты» фестивалында баш байгенин ээси болуп, Түркияга жолдомо алышкан. Алар 25-августтан 31-августка чейин Түркияда болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×