Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 10.09.2019 11:03

Нарын шаарында кылым карыткан күүлөр ойнолду. Видео

Turmush -  Комуз күнүнө карата Нарын шаарында чоң программадагы маданий иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Комуз майрамы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта комуз кайрыктары менен башталды. Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин жаш жеткинчектеринен жана мугалимдеринен турган 60 комузчу «Чайкама» күүсүн жогорку чеберчилик менен аткарып беришти.

Маданий иш-чараны ачкан Нарын шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткарган Давид Курманов комуздун жаралуу тарыхына, уникалдуулугуна, улуу комузчуларга, деги эле комуздун кыргыз элинин турмушундагы ролуна кенен токтолуп өттү. Мындан кийин өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Сымбат Аттокурова куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, бул майрамдын мааниси терең экенин жана кыргыз комузунун улуулугун даңазалашты.

Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин алдындагы «Кызгалдак-Наристе» бий тобунун «Комузчу» бийи көпчүлүктүн назарын бурду. Иш-чараны Нарын районунун өнөр ышкыбоздору улап, мугалим Майрыков Эсенбек «Так теке» күүсүн чеберчилик менен аткарып берди. Нарын районундагы «Өрнөк» чыгармачыл борборунун тарбиялануучулары да залкар күүлөрдү аткарып, көрүүчүлөрдүн черин жазды.

Борбордук аянтта кечке чейин комуз күүлөрү жаңырып турду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×