Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 09.09.2019 12:17 На русском

Чуркоо боюнча чемпион болгон Исаев кичинекей балдарга кантип алданып калган?

Turmush -  Спорт мектепте 3 жыл иштеп, андан соң жеке ишкерлик менен алек болуп кеткен Таалай Исаев жакында эле чуркоо боюнча (45 жаштан жогоркулар арасында) Кыргызстандын чемпиону аталды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Таалай Исаев 1969-жылы Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында туулган. Мектепти аяктап, 1986-жылы Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайдын дене тарбия факультетинде билим алган. 1987-жылы Германиянын Магдебург шаарында эки жыл жүрүп, аскердик милдетин аткарган. Аскерден келгенден кийин окуусун улантып, аны 1990-жылы аяктаган. Эмгек жолун Ат-Башы районундагы спорт мектебинде баштап, ал жерде 1990-жылдан 1993-жылга чейин жеңил атлетика боюнча мугалим болгон. Андан соң шартка байланыштуу жеке ишкерлик менен алек болуп кеткен.

«Студент кезден баштап эле чуркап жүрдүк. Нарын, Бишкек шаарлары жана башка региондордон жеңүүчү аталып жаттык. 1993-жылы жеке ишкерликке өтүп кетип, чуркоону таштап салдык.

Балам түрк лицейинде окучу, ал жерде ата-энелердин футбол оюну болуп калды. Бизди бир жолу Таласка алып барып калышты. Ошондо баарынан утулуп калдык. Ал жакта бизден 15-20 жаш улуу адамдар чуркап, шуулдап жүрүшөт. «Биз эмнеге аларга жетпейбиз?» деп арданып, айылга келгенде топту колго алганбыз. «Чуркайлы, жөн эле жүргөн турбайбызбы» дегенбиз.

Чуркоо боюнча мелдештерге быйыл эле катыша баштадым. Май айында Чолпон-Атада Шанхай кызматташтык уюмунун марафону болду. Мен дагы катышып, 45 жаштан жогоркулар арасында 3-орунду алдым. Чуркасам болот экен деп калдым. Жакында эле Бишкекте өткөн марафонго катыштым. Анда дагы катышуучулар күчтүү экен. 21 чакырымга чуркап, ошол жерден Кыргызстандын чемпиону болдум. Жалпы 2 миңге чукул адам чуркады. Биздин курактагылардан 183 киши чуркады. Медаль, 10 миң сом, кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйлады», - деди ал.

Спортчу үй-бүлөлүү, 3 кызы, 1 уулу, 3 небереси бар. Ал бул марафонго кантип даярданганын айтып берди.

«Кечкисин футбол ойноп, эртең менен 5-6 чакырымга чуркап жаттым. Дем алыш күндөрү 10-15 чакырымга чуркап жаттым. 3 ай даярдандым. Мындай мелдештер Кыргызстанда дайыма болот экен. 15-сентябрда эл аралык марафон болот. Ошого даярданып жатабыз.

Мен спорт мектепте иштеп жүргөндө Ат-Башы районунун Ак-Жар деген айылында Сабыр деген жездемдин үйүндө жашачумун. Кечинде коңгуроолуу саатты эртең мененки саат 07:00гө койчумун. Ойгонорум менен чуркоого кетчүмүн. Кыштын күнү саат 07:00дө караңгы болот. Жолдун 2 айрылышына жеткенде жарык кирип калчу. Бир күнү коңгуроо болду, туруп чуркап кеттим. Эки айрылышка барсам эмнегедир жарык кирбейт. Үйгө келсем да жарык кирген жок. Көрсө жездемдин балдары саат 04:00гө коюп коюшуптур. Ошондо жүрөк тоо экен. Ээн жерлерден карышкыр чыгат деп коркчу эмесмин. Азыр караңгыдан коркобуз», - деди ал.

Таалай Исаев Ат-Башыда спорт өнүгүп жатканын айтат.

«2015-жылы айыл жеринде, райондордо спорт деген түшүнүк такыр эле жоголуп кеткен. Азыр айылдарда спорт өнүгүп жатат. Ат-Башыда «Ат-Башы ынтымагы» деген аталышта футбол оюндары уюштурулуп жатат. Ага 55 командага чейин катышат.

Үйүбүздү 16 жыл бою өзүбүздүн аракетибиз менен куруп, көп каражат кетти. Бирок бузуп, кайра курдук. Мончого келгендер «качан бүтөсүңөр?» деп сарсанаа боло башташкан. Бүткөнүбүзгө 2 жыл болду. Ойлогон оюбуз кичинеден аткарылып келе жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×