Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 06.09.2019 15:20 На русском

3 суусар тебетей, наам: Нарындын мурдагы башчысы кандай узатылды?

Turmush -  Нарын облусунун мурдагы башчысы Аманбай Кайыповго «Нарын облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылып, 3 суусар тебей кийгизилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бүгүн, 6-сентябрда өкмөттүн Нарын облусундагы жаңы өкүлү Эмилбек Алымкуловду жамаатка тааныштыруу иш-чарасы өттү. Ага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Алтынай Өмүрбекова мурунку башчы Аманбай Кайыповдун аткарган иштерине токтолуп, ыраазычылыгын билдирди жана Эмилбек Алымкуловго ийгилик каалап өттү. Ошондой эле, район жетекчилери, мекеме-ишканалардын башчылары да кызматтан кеткен Кайыповго жана жаңы өкүлгө каалоо-тилек айтышты.

Жаңы дайындалган башчы Аманбай Кайыповго аталган наамды тапшырса, мекеме-ишкана жетекчилери 3 суусар тебетей тартуулашты. Ал эми аялдар кеңеши бир жылкы убада кылышты.

Аймактык кабарчы билдиргендей, иш-чарага келгендердин саны көп болгондуктан акимдер, күч органдарынын жетекчилери орунсуз калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×