Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуНарын району 05.09.2019 09:19

«Акырын бас»: Нарын районундагы устун менен контейнерлер баяны

Turmush -  Нарын районуна караштуу Дөбөлүү айыл аймагынын Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы орто мектеби 1973-жылы курулуп, бул жылдар аралыгында бир дагы жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.

Мектептин директору Самара Турусбекованын айтымында, бул окуу жай 2015-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан пайдаланууга жараксыз деп табылган. Бирок жаңы мектеп курууга бюджетте каражат жок болгондуктан окуучулар өмүрүн тобокелдикке салып, эски имаратта билим алып келишкен.

«Бул мектеп 1973-жылы курулуп, 1974-жылы ишке берилген. Ошол жылдан бери бир дагы жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Ошол күндөн азыркы тапка чейин мектепти өз күчүбүз менен оңдоп, ураган жерин жамачылап, жарылып кеткен дубалдарды арматура менен тарттырып, устундар менен жөлөтүп окуп келгенбиз. Быйылкы окуу жылында такыр эле окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой калдык. Ата-энелер “балдарды мындай кооптуу мектепке жибербейбиз, андан көрө окубай эле койсун” деген ойлорун айтып келишкен.

Айыл өкмөт башчысы аким менен чогуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышкан. Жазында чатырлар берилет деп айтылган. Бирок орто жолдон берилбей калды. Быйылкы окуу жылына мобилдик мектеп аталышындагы 6 контейнерди алып келип, коюп беришти. Бирок 172 бала үчүн аябай эле кыйынчылык жаралууда. Эки нөөмөт менен окуп жатышат. Эски мектептин жанында экинчи корпусубуз бар. Анда эки гана кабинет жана ашкана жайгашкан. 72 окуучу ал жакта билим алса, калган 100 бала контейнерлерде окуп жатышат. Азыр жылуу, кышкысын кандай болуп калат, азырынча белгисиз. Ата-энелер «балдарыбызга тар болуп жатат» деп нааразычылыктарын билдирип жатышат. Окуучулар дагы, мугалимдер дагы «ичинен бир жыттар чыгып жатат» деп айтып жатышат. Окуу процесси үзгүлтүккө учурабасын деп, айла жок окууну улантып жатабыз.

Аким Семетей Мырзабекович «быйылкы бюджеттин планына кирип калса экен, жеткирчү жерге жеткирели» деп аракетин кылып жатат. Буга чейин тиешелүү жактарга кайрылдык. Бирок “бюджетте каражат тартыш, кийинки жылга калды” деген гана жоопторду алып келгенбиз. Кайрылган жерлердин баарына сүрөт, видео материалдардан бери жиберип жаттык. Бирок эч кандай майнап чыккан жок», - деди ал.

Ал эми аталган мектепте 6 жылдан бери чарба кызматкери болуп эмгектенип келе жаткан Таалайбек Курмабековдун айтымында, мындан 3 жыл мурун мектептин дубалы ажырап баштаганда аны устун менен тиретип коюшкан.

«Мектепте иштеп жатканыма 6 жыл болду. Мен келген жылы абалы азыркыдан бир аз эле жакшыраак болчу. Жыл сайын оңдоо иштерин жасап келгенибиз менен эскилиги жеткен имарат баары бир сөзгө келбейт экен. Мектептин дубалынын асты ажырап жатканынан тросс менен байлап бекиткенбиз. Ага болбой эле кайра башы кошо ажырап жатканынан 3 жыл мурун эки устунду атайын тиреткенбиз. Аз да болсо жардамы тийип, дубалды кармап турат. Канча аракет кылбайлы күндөн күнгө жаракалар чоңоюп жатат.

Бул мектепте балдарды окутуу аябай эле кооптуу болчу. Окуучу балдар эмес, биз чоңдор киргенден коркобуз. Былтыр балдар окуп жатканда «ичинен акырын баскыла, чуркабагыла» деп эле тыйып жаттык. Чоңдор келет. Мектептин абалын көрөт, кайра кетишет. Эч бир майнап жок. Келгендердин баарына эле абалды көрсөтүп даттанабыз», - деди ал.

Окуучулар да арманын айтып, буларга токтолушту.

«Биздин мектептин абалы жакшы эмес. Эки-үч жылдан бери эле дубалдары ачылып, полдору ажырап жатат. Мугалимдерибиз «акырын баскыла» деп тыйып келген. Кээде класста жалгыз калгандан коркчубуз. Мектепке келгибиз келбей калган учурлар да болгон. Эми бул темир контейнерден салынган мектеп жөнүндө айтсак, ал өтө эле кичинекей. Эптеп тыгылып кирип чыгабыз. Ичи дагы үп болуп кетип жатат. Терезеси дайыма ачык турат. Дем жетпей калганда эшигин дагы ачтырабыз. Сабактан кийин эшикке чыгып жатабыз», - дейт окуучулар.

Буга чейин Кеңеш айылындагы окуучулар мобилдик үйлөрдө билим алып башташканы маалымдалган.

Жаңы окуу жылынын алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 6 даана мобилдик үйлөр алынып келип орнотулган.

Көп өтпөй социалдык тармактардын колдонуучулары бул көрүнүштү талкууга алып, сын-пикирлерин билдиришти. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун кызматтын кетиши да ушул учурга туш болду.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×