Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 29.08.2019 18:38 На русском

«Нарында өт калбай калды»: Өспүрүм баладан түтүк, 5 жаштагы кыздан кийиз алып чыккан хирург Б.Исмаилов

Turmush -  Саламаттыкты сактоонун отличниги Бейшенбек Исмаилов 30 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Ал 1965-жылы Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылында туулган. 1972-1980-жылдары Өзгөрүш мектебинде билим алып, кийин Фрунзе шаарындагы №5 мектебине которулган. Андан кийин 1 жыл Биринчи май айылында колхозчу болуп эмгектенген. 1983-жылы Ташкент шаарындагы Орто Азия медициналык институтунун педиатрия факультетине кабыл алынып, аны 1989-жылы аяктаган. Окууну бүтүп келгенден кийин Бишкек шаарындагы №3 клиникалык балдар ооруканасында интернатурадан өтүп, 1 жыл иштеген. Кийин 1990-жылдан баштап Нарын облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө анестезиолог-реаниматолог болуп иштеп, 1993-1996-жылдары ошол бөлүмдү жетектеди. 1996-жылы хирургия бөлүмүндө балдар хирургу, 1997-жылдан баштап хирург болуп иштеп келе жатат. 2005-жылы ушул эле бөлүмгө жетекчи болуп дайындалган.

- Хирургия бөлүмүнүн башкалардан айырмасын айтсаңыз.

- Бизде 2 чоң тармак бар: терапия, хирургия. Терапия кардиология, неврология деп бөлүнүп кетет.

Хирургия — клиникалык медицинанын көбүнчө операция жолу менен дарылоочу ооруларды жана ал операциялардын техникасын, ыкмаларын изилдөөчү бөлүгү.

- Сиздердин бөлүмдө бир жылда канча операция жасалат. Сиз үчүн эң оор операция кайсы болду эле?

- Бизде жыл сайын 800-1000 операциялар болуп турат. Мен үчүн эң оор операция — 80 жаштагы апага операция жасагам. Өттүн жумурга барган бөлүгүнө таш туруп, өйкөп салган экен. Ошондо аябай сарсанаа болгом. Апа жакшы болуп кеткен. Азыр 90 жаштан ашты.

1997-жылдары хирург агайлар менен бир жылда 40 операция жасаганбыз. Ошондо «Нарында өт калбай калды» деп айтышкан. Азыр бир жылда 200гө чукул адамдын өтүнө операция жасалып жатат. 2013-жылы лапароскоп аппараты менен операция жасоону өздөштүргөнбүз. Адамдын ичине так калбайт, оорубайт.

- Ушул тармакта көп жылдан бери эмгектенип жүрөсүз. Ушуга чейин сиздин эсиңизде калган же таң калыштуу окуя болду беле?

- 2013-жылы 5 жаштагы кызга операция жасаганбыз. Ал жерден кылдарды алып жей берген экен. Кийин эч нерсе жей албай, 9,5 кг салмакка түшүп кеткен. Ага операция жасап, ичиндеги кылдарды алып чыкканбыз. Кадимкидей кийиз болуп калыптыр. Ошондо ашказандай болгон кыл алып чыкканбыз.

Бир жолу райондорду кыдырып жүрүп, бир айылга бардык. Жаш өспүрүм баланын жоон ичегисинен пробирка (лабораторияда колдонулуучу бир башы туюк айнек түтүк) чыккан. Мындай окуялар чанда гана кездешет. Дагы бир жолу жүрөккө операция жасап жатсак жарык өчүп калды. Дагы жакшы, жүрөктү тигип бүткөндөн кийин өчүп калды. Анестезиологдор кол менен дем алдырган. 30 жаштагы жигит болчу. Жүрөгүнө бычак сайылган экен.

Азыр жарык өчүп калса, генераторлор менен ишибизди улай беребиз.

Эл өзүнүн ден соолугун карабайт. 5-10 күн ооруп үйүндө жатат. Биз кудай эмеспиз да. Адам өмүрүн сактап калууга болгон аракетибизди жумшайбыз. Бирок баарын айыктырабыз деп айта албайбыз. Бир жылда 1-2 киши каза болот. Ооруган адам эртерээк келип кайрылса жакшы болот.

- Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

- Төрт кыз, бир уулум, 1 неберем бар. Окуйбуз деп жүрүп, кечирээк үйлөнгөн экенбиз. Келинчегим салык кызматында эмгектенчү, азыр чакан дүкөн иштетет.

- Азыр элге кандай маалыматтар жетишсиз болуп жатат?

- Эл ден соолук өзүнө керек экенин түшүнбөй жатат. Бир нерсе болсо эле дарыгер күнөөлүү деген ойдо болушат. Экинчиден, дарыгерди сөгүп, уруп жиберсе дагы болот, ага арыз жазса дагы болот дешет. Ошол эле убакта көзү ачыкка барып, ден соолугун бузуп келишет. Бирок аларга эч нерсе айта алышпайт.

Негизи ооруну дарылагандан көрө алдын алуу оңой. Азыр интернет деген бар, ал жерден маалыматтарды окуп, ар бир адам өз ден соолугуна өзү кам көргөндү үйрөнүшү керек. Жылына бир жолу өзүнүн үй-бүлөлүк дарыгерине барып турушу керек.

Бейшенбек Исмаилов Саламаттыкты сактоонун отличниги, Нарын шаарынын ардактуу атуулу, Жогорку категориядагы хирург, 1-категориядагы анестезиолог. 2012-2016-жылдары Нарын шаардык кеңешинин депутаты болгон. Баткен окуясынын катышуучусу. 2016-жылы «Нарын облусунун мыкты дарыгери» наамын алып, бир нече түзүмдөрдүн ардак грамоталары менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×