Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Нарын облусуЖумгал району 13.08.2019 09:22 На русском

Баш-Куугандыда суу сактагычка ылай толуп, дыйкандар убара тартууда

Turmush -  Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы суу сактагычка көмүрдүн калдыктары, кум жана таш толуп, анын айынан дыйкандар жер сугара албай убара тартышууда.

Алардын айтымында, бул суу сактагыч 1985-жылы ишке кирген.

«Убагында баарыбыз тең үлүш жер алганбыз. Учурда бул суу сактагычтан 80 га жер суу ичет, андан тышкары 100 га жер бар. Учурунда суу сактагычтагы суу 3 суткага жетчү. Азыр бир күнгө да жетпейт, суу толбойт. Сайдан, тоодон түшкөн суунун баары эле ылай, көмүрдүн калдыктары аралашкан кир суу. Биздин үстүбүздө көмүр казган ишканалар бар. Алар көмүрдүн калдыктарын чар-жайыт төгүшөт. Аны көзөмөлдөгөн жан жок. Сен мага тийбе, мен сага тийбейм дегендин эле заманы, ортодо байкуш эл кыйналып жатат.

Көмүр калдыктары, майда көмүрлөр суу менен агып келип, суу сактагычка толуп калат. Суубуз баткак, капкара, ылай. Ачыгын айтканда, талааны ушул баткак суу менен сугарабыз. Биздин кошуна Байзак айылында дагы суу сактагыч бар, аларда да ушундай абал.

Жалпы төрт көмүр казган ишкана бар. Көмүр калдыктарын төккөн жерлерин карап, текшерип беришсе жакшы болот эле», - дейт дыйкандардын бири Султан Дайырбеков.

Ал эми Жумабек аттуу аксакал жылдан жылга түшүм алуу оорлоп, ылай суунун айынан жер кыртышы бузулуп жатканын билдирди.

Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Тойчубек Мурзакматов Байзак жана Баш-Кууганды айылдарындагы суу сактагычтардын абалы оор экенин, ылай суу агып, дыйкандарды убара кылып жаткандыгын айтты. Ошондой эле аталган суу сактагыч буга чейин БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу эл менен чогуу тазаланганын билдирди.

Мамэкотехинспекциянын кызматкери Канат Карыбеков бул маселе боюнча 2-3 жыл мурун Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Мамэкотехинспекциянын алдындагы суу чарба башкармалыгынын жана облустук бийликтин адистери текшерүү иштерин жүргүзүп, суу, жер кыртышы таза деген корутунду чыкканын белгиледи.

Ал эми Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн жооптуу адистери мындай суу сактагыч жок экенин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×