Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Нарын облусуЖумгал району 12.08.2019 21:00

Жумгалда тургундар интернет жакшы иштебей жатканына нааразы

Жумгал
Жумгал

Turmush -  Жумгал районунун аймагында интернет байланышы жакшы болбой жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, интернетке төлөнгөн каражат текке кетип жатат.

«Жумгалда интернет такыр иштебейт. Айла кеткенден бир уюлдук компаниянын интернетине которулганбыз, бирок анысы деле иштебейт. Райондо 3 уюлдук компания иш алып барат. Интернетке жакшы эле акча коротобуз, бирок ыраазы болбойбуз. Үйдүн же имараттын ичинен такыр тартпайт, азап чеккен эле биз. Башка райондордо байланыш жакшы экен. Жогору жактан көзөмөлдөп койгондор болсо, үнүбүздү жеткирип койсоңор», - дейт Ажара Кожоналиева.

Бул маселе боюнча аймакты кабарчы уюлдук компанияларга кайрылганда интернет байланышы жакшы болбой жатканын ырастап, тиешелүү жактарга кайрылышканын айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×