Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Нарын облусуКочкор району 12.08.2019 20:24

Кочкордо акын Б.Мамбеталиеванын чыгармачылык кечеси өттү

Turmush -  Кочкор районундагы акын Болдукан Мамбеталиеванын чыгармачылык кечеси өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Белгилүү болгондой, Кочкор айылындагы И.Исаков атындагы маалыматтык китепканасында акын Болдукан Мамбеталиеванын «Поэзияга окшоп эки канатым, ырым менен сени көздөй шашамын!» аттуу чыгармачылык кечеси өткөрүлдү. Ага Кочкор районундагы калемгерлер, акындын туугандары, курбулары катышты. Китепканада акынга арналган көргөзмө уюштурулуп, акындын ырлары көркөм окулду. Ошондой эле иш-чара музыка менен коштолуп, Болдукан Мамбеталиеванын ырларына ой-пикирлер айтылды.

Болдукан Мамбеталиева 1967-жылы 10-октябрда Кочкор районунун Ак-Кыя айылында туулган. 1988-1993-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде окуган. 1993-1996-жылдары ушул эле университеттин кыргыз тилин окутуунун методикасы адистиги боюнча аспирантуранын бүтүрүүчүсү болгон.

1985-жылы Турдакун Усубалиев атындагы совхоздо жумушчу, Бишкек шаарындагы №66 орто мектепте кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим болуп иштеген. 1993-1996-жылдары менчик гезитте редактор, 1996-2010-жылдары менчик гезитте редактор, башкы редактор, 2010-2013-жылдары жоопкерчилиги чектелген компанияда журналист, 2014-2016-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу болуп эмгектенген. 2015-2017-жылдары И.Арабаев атындагы КМУнун лингвистика институтунун магистри болгон. 2012-2017-жылдары Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин теология боюнча магистри, «Биргелешкен рухий семинариянын» теология боюнча мугалими болгон.

Анын «Сезим сепили», «Каректеги каарман» аттуу ырлар жана кара сөздөрдөн турган чыгармалар жыйнактары жарыкка чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×