Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Нарын облусуНарын району 09.08.2019 10:31

Солтон-Сарыда үч жигиттин кармалганы боюнча милициянын билдирүүсү

Turmush -  Нарын районунун Солтон-Сары алтын кенинде жылкы издеген 3 тургундун кармалышы боюнча таратылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт, деп билдирди Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы.

Буга чейин Солтон-Сарыда жылкы издеген тургундарды милиция кызматкерлери кармап кетиптир деген маалымат эл арасында тараган эле.

Облустук милициянын маалыматына караганда, 8-августка караган түнү саат 03:00 чамасында Солтон-Сары жайлоосунда жайгашкан «Чжун Дьжи Майнин компани» компаниясынын Аэль базасында коомдук коопсуздук көзөмөлгө алынган учурда базанын үстүнө 3-4 атчан адам чыгып баратканы боюнча телефон аркылуу билдирүү түшкөн. Билдирүү боюнча аталган аймакка барган 3 адам кармалып, териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Алар Нарын районунун Эмгекчил айылынын 1998-жылы туулган тургуну Н.у.Б, ушул эле айылдын 1998-жылы туулган тургундары С.у.А жана Ж.у.С. болушкан.

Териштирүүнүн жыйынтыгында кылмыштын жана жоруктун белгилери байкалбагандыктан териштирүү иши токтотулган. Ошондой эле алардын жылкы издеп, аны таап бара жатышканы аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×