Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Нарын облусуНарын району 08.08.2019 16:33

Боз үйлөр тигилген Бишкек—Нарын—Торугарт жолундагы учурдагы абал. Видео

Turmush -  Бүгүн, 8-августта саат 14:00гө карата Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда алты боз үй калды. Боз үйлөр 6-августтан 7-августка караган түнү орнотулуп баштаган.

Буга чейин Нарын районунун тургундары 7-августта Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун Кара-Чий айылындагы аймагында боз үйлөрдү тигишкени маалымдалган.

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун жээгинде чогулган жергиликтүү тургундар Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык «Жонг Жи Майнинг (Zhong Ji Mining Company)» компаниясынын ишин токтотууну талап кылышкан.

Алардын айтымында, аталган компанияга Солтон-Сары жайлоосундагы алтын кенди иштетүүгө мыйзамсыз жол менен уруксат берилген. Ошондуктан аталган компаниянын лицензиясын жараксыз деп таанып, жокко чыгаруу керектигин билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×