Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Нарын облусуЖумгал району 02.08.2019 11:21 На русском

Байзакта талапка жооп бербеген жайда күйүүчү май сатылып жатабы?

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылынын жашоочулары айылдын босогосунда күйүүчү май саткандарга чара колдонуу керектигин суранууда. Айгүл аттуу кыз мындай жайда күйүүчү май сатууга тыюу салынарын айтат.

«Мындай жерде күйүү май сатууга тыюу салынат. Огородду ижарага ала коюп, көчөгө жакын жерге талапка жооп бербеген күйүүчү май сатуу жайын ишке киргизгендерге таң калам. Ысыктан өрт чыгып кетиши мүмкүн. Буга чейин Т.Бокчубаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде күйүүчү май саткан жарандын иши элдин арызы менен токтотулган. Эми бул жерде пайда болуптур. Анын жанында дүкөн да талапка жооп бербейт. Чоң көчөгө жакын болуп, авариялык абалды жаратып келет. Мындан тышкары унаа тыгыны жаралып, кооптуу жагдай да пайда болууда. Бул жайды тез арада алып тазалоо зарыл же талапка жооп бергендей иш кылышы керек», - деди ал.

Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Кайрат Качкынбаев 1 жуманын ичинде аталган жай алынарын билдирди.

«Ал жер бирөөнүн үй кура турган тилкеси болчу, ал ижарага берип коюптур. Биз да бул жерде сатууга болбойт деп, тиешелүү кагаздарды бергенбиз. Ал дүкөн менен май сатуучу жайдын ээси 1 жуманын ичинде алам деп турат. Алынат», - деди К.Качкынбаев.

Ал жерди Сүйөрбек аттуу тургун ижарага алган.

«Кимдер арызданып жатат? Мени көрө албагандар эле арызданып жатышат. Кимдерден уруксат алышым керек экен? Айыл өкмөтүнөн келишкен. Бул жайды ал десе, алып деле коем», - деди Сүйөрбек.

Ал эми Мамэкотехинспекциянын адиси Жаныбек Сламов бул боюнча маалыматы жок экенин, айылдын ичинде үйдө күйүүчү май сатып жаткан жаранга айып салынып, иши токтотулганын ырастады. Ошондой эле көчөдө күйүүчү, майлоочу майды сатканга тыюу салынганын жана анын сатуу эрежеси бар экенин билдирди.

Район акими Адыл Сапаров бул жай талапка жооп бербей турганын айтып, алдыртуу үчүн тапшырма берилгенин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×