Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Нарын облусуКочкор району 01.08.2019 15:13

Кочкордо уктап кеткен айдоочу унаасы талкалангандан кийин «ойгонду»

Turmush -  Кечээ, 31-июлда Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 185-чакырымында «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаа кырсыкка кабылып, 5 жаштагы кыздын буту сынган. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, унаанын ичинде Нарын районунун 6 тургуну болгон. Айдоочу уктап кетип, жол жээгиндеги электр мамысын сүзүп токтогон. Жол кырсыктын кесепетинен 2 адам — Нарын районунун 2014-жылы туулган тургуну Т.Х. жана 1960-жылы туулган А.С. жаракат алышкан.

Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам бөлүмүнө, ал эми унааны Кочкор РИИБге өткөрүп беришкен.

Буга чейин Кочкор районунун Кочкор айылындагы унаа кырсыктан 2 адам жабыркагандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×