Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Нарын облусуАк-Талаа району 31.07.2019 12:32

Г.Нурманбетова окуучудан «потом поговорим» деген жоопту укканда кандай абалда болгон?

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Гүлмайрам Нурманбетова 8 жыл мугалим, 7 жыл мектеп директору болуп эмгектенген. Ардактуу кесиптин ээси менен аймактык кабарчы таанышты.

Нурманбетова Гүлмайрам Моңолдоровна Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылында туулган. Баетов айылындагы М.Ломоносов атындагы (азыркы Шүкүрбек Бейшеналиев) мектебин аяктап, Нарын шаардык лицейде билим алган. Андан кийин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен химик-биолог кесибин алып чыккан.

2000-2008-жылдары Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков орто мектебинде жана Байгөнчөк айылындагы Табрис Оторов атындагы орто мектебинде мугалим, 2008-2010-жылдары Т.Оторов атындагы орто мектебинде директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, 2010-2013-жылдары ушул эле мектепте директор, 2013-2017-жылдары Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинде директор болуп эмгектенсе, 2017-жылдан тарта райондук билим берүү бөлүмүндө адис болуп эмгектенип келүүдө. Гүлмайрам айым ата-энесинин таасиринен улам химия жана биология боюнча мугалим кесибин тандап алгандыгын айтат.

«Атам мугалим, апам медицина кызматкери болгондуктан химия-биология боюнча мугалимдик кесипти тандап алгам. Күчтүү мугалим болуш үчүн эң биринчи кезекте окуучуларды жакшы көрүү, алардын мүнөзүн, жан дүйнөсүн сезе билүү керек деп ойлойм. Балдарга чоңсунбай, аларга кечке акыл-насаат айта бербей, өзүңө тартып, окуучулардын деңгээлине жараша баарлашуу кажет. Албетте, өзүңдүн билимиң сапаттуу, жогору болушу керек. Мугалим компетенттүү болушу зарыл», - деди ал.

Гүлмайрам Нурманбетова үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси.

«Мугалим — бул эң ардактуу кесип. Мугалим болуп иштегениме өкүнбөйм. Себеби, ниет, пейилдери ак, жан дүйнөлөрү таза балдар менен иштештим. Айыл жери болсо дагы көптөгөн ийгиликтерге жетише алдым. Айрымдар мектеп директорлук кызмат — бул мансап деп ойлошот. Чындыгында андай эмес. Ошол мектепке, окуучулардын келечегине камкордук көрүү, окуучулар менен чын дилиң менен сүйлөшүү, бир кесиптин ээси болууга багыт берүү, билимдүү болушуна өбөлгө түзүү иштерин аткарасың. Мен окуткан окуучулардын алды азыркы учурда Бишкекте дарыгер болуп иштеп жатат. Ушундай билим алып, жакшы кесипке ээ болуп, учурда эл кызматын аркалап жүргөн окуучуларыбызды көрүп сыймыктанам. Мектепти бүтүп кеткен окуучуларыбыз жолугуп калганда ийилип салам берип, өткөн-кеткенди эстеп, «эже, аябай сулуу элеңиз, сиздин өткөн сабактарга кызыкчубуз, сиздей болгубуз келчү» деп айтып калышса ичиңден кубанып каласың», - дейт ал.

Жолдошу экөөнүн ортосунда чоң ишеним болгондуктан Гүлмайрам айымдын ишине байланыштуу кызгануу сезимдер пайда болбостугун билдирди.

«Жолдошум Кылычбек Эгембердиев Байгөнчөк айылынан болот. 2000-жылы баш кошконбуз. Жолдошумдун негизги кесиби бухгалтер, учурда мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенет. Биз Баетовдо кошуна жашагандыктан бала кезден эле тааныш болчубуз. Мүнөзү ачык-айрым, ак көңүл, элдер менен тез тил табыша алган жакшы сапаттарга ээ. Менин ийгиликтериме жетишиме жолдошум көп себепкер болду. Себеби, ал дагы коомго көп аралашып, айылдык кеңештин депутаты, клубдун башчысы болуп иштеген. Жумуш кандай экендигин жакшы түшүнөт. Экөөбүздүн ортобузда ишеним деген чоң нерсе бар. Көп кызганбайт. Түшүнүү менен мамиле жасап, көп жерден колдоо көрсөтүп турат. Эгер, ишиме байланыштуу ары-бери жакка чыгып кете турган болсом, түн болсо дагы аялга тиешелүү үй жумуштарын, балдардын тамак-аштарын жана башка керектүүлөрүн бардыгын даярдап коюуга аракет кылам. Албетте, мурун кызгануу деген болгон. Бирок урушуп-талашканга чейин жетчү эмеспиз», - деди Гүлмайрам эже.

Мугалимдик кесиптен сырткары кол өнөрчүлүк менен алектенип, өрмөк согуп, ал тургай гитара чертип ырдаган таланттуу Гүлмайрам айым кызыктуу окуяларын эскерди.

«Жаңы келин болуп келген кезде кайненем экөөбүз көңкөгө нан бышырчубуз. Эртең менен таңкы саат 06:00дө туруп алып нан бышырчу элек. Көңкө көчө тарапта болгондуктан кошуна эжелер келип, ысык нан менен айран ичип кетишчү. Андан сырткары, көчөдө кетип бара жаткан бала-чакалар «ысык нан» деп тамшанышат эмеспи, аларга дагы ысык нандан таратып берчү элек. Ушул окуялар эсимде калыптыр. Андан башка деле кызыктуу окуялар эсимде калбаптыр. Өрмөк сокконду кайненем жаңы келин болуп келген кезимде эле үйрөтүп койгон.

Ал эми ишиме байланыштуу бир күлкүлүү окуяны айтып берейин. Ж.Сатылганов мектебинде директор болуп турган кезим. Окуучулардан сынак алып жатабыз. Бир окуучубуз жооп берип жаткан. Ага «Кем ты станешь в будущем?» деп сурасак, бизди кечке карап туруп «потом поговорим» десе болобу? Ошондо көзүбүздөн жаш чыккыча күлдүк. Окуучулардан уялып, эшикке чыгып кетип күлгөнбүз. Көп эле окуялар болгон», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×