Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ош 18.07.2019 12:18

«Крутой»: Оштогу мас айдоочу, жасалма номур жана караңгылатылган айнек

Turmush -  Ош шаарында «Крутой» аталышындагы рейддин жүрүшүндө айнеги караңгылатылган 16 унаанын айдоочуларына айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кечээ, 17-июль күнү Ош шаарында рейд жүрүп, жол эрежесин бузган айдоочуларга жалпы 178 административдик протокол түзүлгөн. Алардын ичинен 16 унаанын айнектери караңгылатылса, жасалма номур менен унаа башкарып жүргөн 1 айдоочу, унаага номурун такпай жүргөн 2 айдоочу, спирт ичимдиктерин ичип унаа башкарган 3 айдоочу кармалган.

Айдоочуларга мыйзамдын чегинде административдик протоколдор түзүлүп, айып пул салынган.

Мындай иш-чара ай сайын өткөрүлүп турат, деп билдиришти Ош шаардык ЖКККБдан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×