Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 08.09.2019 20:30

Кыргызстандын жаратылышы: Көз суктандырган Молдо-Ашуу. Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа району тараптан Соң-Көлгө алып баруучу 3346 метр бийиктиктеги Молдо-Ашуунун кооздугун көрүү үчүн жыл сайын көптөгөн туристтер келишет.

Алар Сары-Жыгач, Кошой-Конуш деген кооз коктуларды өрдөп отуруп, аталган ашууга жетишет. Ашуунун башына чыккыча автоунаалар 11 бурулуштан бурулуп, бийик аскаларды, бийик өскөн карагайларды аралап жүрүп отурат. Бирок, бурулуштардын өтө эле кууштугу кооптуулук жаратат.

1968-жылы коомдук ишмер Корчубек Акназаров Ак-Талаа районунун 1-катчысы болуп турган кезинде малчыларды Соң-Көл жайлоосуна көчүрүү маселеси бюродо каралып, К.Акназаров ашууга автоунаа өтүүчү жол салуу тапшырмасын тиешелүү жактарга берген. Ошондо Маамытбек Таабылдиев башында турган комсомолдор 6 ай бою тынымсыз иштеп, жолду салып бүтүрүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×