Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусу, Нарын 10.07.2019 20:27 На русском

Видео — Нарында турак үйлөрдү сел каптады

Turmush -  Нарын шаарында турак үйлөрдү сел каптады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 10-июлда саат 15:05 чамасында Нарын шаарында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, айрым көчөлөрдү жана турак үйлөрдү сел каптады. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери турак үйлөрдү каптаган сууларды сордуруп, тазалашты. Ал эми жергиликтүү тургундар өкмөттүн облустагы өкүлүнөн канализация түтүктөрүн орнотууну суранышты.

«Көп жылдардан бери эле келе жаткан көйгөй. Губернатордон канализация орнотуп берүүсүн суранабыз. Көйгөйүбүздү айталы десек, “биз эле бүтүрөбүз” дешип губернаторго киргизишпейт», - деди Нарын шаарынын Ленин көчөсүнүн тургуну Ажар Койлубаева.

Дагы бир шаар тургуну Гүлкайыр Кожокеева да нааразычылыгын билдирди.

«Мен 4 жылдан бери ушул жерде жашайм. Көчүп келгенден бери 2 жолу сел каптады. Кайрылып эле келе жатабыз. Жыйынтык жок», - деди ал.

Ал эми ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын калкты жана аймактык коргоо бөлүмүнүн башчысы Мырзабек Арыкчиев төмөнкүлөргө токтолду.

«Тынымсыз жамгыр жаап, анын кесепетинен кыян суулар айрым жерлерди каптады. Куткаруучулар Нарын шаарынын аймагында суу сордургучтар менен суу топтолгон жерлерди жана үйлөрдүн короо жайларындагы сууларды сордуруп жатышат. Бул көйгөй шаардагы арыктардын жоктугунан келип чыгууда. Кыян суулары кете турган жолдор жок болуп, ошол себептен турак үйлөрдү сел каптады. Тургундар кайдыгер мамиле жасап, короосундагы арыктарды тазалашкан эмес. Жергиликтүү бийлик дагы жолдорду, тратуарларды курууда арыктарды оңдоп койсо мындай көйгөй болбойт эле», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×