Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуЖумгал району 09.07.2019 16:28 На русском

Өзгөчө ысымдар: Болду «мен сизден атыңызды сурап жатам» деген сөздү көп угат

Turmush -  Болду Ажыгулова 1973-жылы 19-ноябрда Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында туулган. Ага Болду деген ысымды төрөтканадагы дарыгер ыйгарган. Себеби апасы катары менен 7 кызды, андан кийин аны төрөгөн. Ажыгулованын артынан эле ата-энеси 4 уулду болушкан.

«Апам 7 кыз төрөптүр, мен сегизинчисимин. Дарыгер «болду кыз төрөбө, эмкисин эркек төрө» деп атымды Болду коюптур. Атымды өзгөрткөн жокмун. Апам үйгө келгенде атам азан чакырып, дарыгер айткан атты атаптыр. Мага атым жагат. «Атың ким?» деп сурашканда «Болду» десем, «мен сизден атыңызды сурап жатам?» дешет (күлүп). Атыма таң калгандар көп.

Айылдагы чоң аталар бала кезде көп эркелетишчү. «Болду, Болду, Болду кыз, үйдүн ичи толду кыз» деп калышар эле.

Эжелеримдин, инилеримдин ысымдары эл арасындагы эле аттар. Алардын аттарын айтып берейин, эжелерим — Розамира, Сабира, Качкынбүбү, Рахима, Үмүт, Нуржан, Бактыгүл, инилерим — Кудайберген, Таштанбек, Медетбек, Адылбек (кичүүбүз чарчап калган)», - деди ал.

Болду эженин атасы Айтбугу Ажыгулов 1999-жылы каза болгон. Ал эми апасы Букен Ажыгулова учурда 87 жашта. Өзгөчө ысымдын ээси учурда 5 баланын энеси. Анын үчөө кыз, калганы эркек.

«Кыздарым турмушка чыкты, төрт неберем бар. Бир кызым Түркияда, ал түрк жигитке турмушка чыккан. Төртүнчү уулум болсо Кара-Балтада медреседе окуйт. Ал 8-класс. Ал эми кичүү балам быйыл 3-классты бүттү. Биз Чаек айылында турабыз. Жолдошум Кенжебек Бийсеев Жумгал автокассасынын директору болуп иштейт. Кайын атам Касымбек Бийсеев согуштун ардагери болсо, кайын энем Уулкан Бийсеева баатыр эне. Ал эми өзүм 10 жылдан бери Жумгал автокассасында билет сатып иштейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×