Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусу, Нарын 09.07.2019 15:05

Нарындын РТС чөлкөмүндө жөө жүргүнчүлөр үчүн жол салына баштады

Turmush -  Нарын шаарынын РТС чөлкөмүндө көп жылдан бери көйгөй болуп келген жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол маселеси чечилип, мектептин тушунан чыгышты карай 350 метр жерге таш таман төшөлө баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, бул иш республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) гранты аркылуу жүзөгө ашууда.

Учурда Нарын шаарындагы көчөлөрдү оңдоо иштери жүрүп жатат. Долбоордун жалпы баасы 1 миллион 267 миң сомду түзөт. Анын ичинен 511 миң 216 сому өздүк салым катары Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×