Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуНарын району 09.07.2019 13:24 На русском

«Паутина» операциясы: Үңкүрдө сакталган сырдуу курал

Үңкүрдөн табылган курал
Үңкүрдөн табылган курал

Turmush -  Нарын районунун Кыргоо жайлоосунан номуру өчүрүлгөн курал огу менен табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан «Паутина» операциясынын жүрүшүндө Кыргоо жайлоосунун Көгүчкөн-Булак участогундагы үңкүрдө сайлуу ок атуучу курал сакталып тургандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалымат боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, үңкүрдүн ичинен 1 даана «АКМС» үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал 6 даана «7,62» үлгүсүндөгү огу менен табылган.

Аталган факт Нарын ОИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

«Паутина» операциясы Нарындын аймагында 8-июлдан 12-июлга чейин өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×