Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусу, Нарын 09.07.2019 09:16

Нарында эки адам өрттөн ар кандай жаракаттарды алышкан

Turmush -  2019-жылдын өткөн алты айында Нарын шаарында жана Нарын районунда 13 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Нарын райондук жана Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Талантбек Асымкулов билдирди.

Анын айтымында, өрт кырсыгынан келтирилген материалдык чыгым 1 миллион 92 миң 497 сомду түзгөн.

Нарын шаарында 8 өрт кырсыгы болсо, Нарын районунда 5 өрт кырсыгы катталган. Өрттүн алдын алуу максатында тиешелүү мекеме-ишканаларга 21 маалыматтар жиберилип, 657 турак үй текшерилип, 2888 адамга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле өрттүн алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча 168 жерде лекциялар окулуп, 4060 адамга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 2 адам ар кандай жаракаттарды алган. Өткөн жылдын алты айына салыштырганда эки учурга аз. Өрт кырсыгынын себептери электр зымдарын жана мештерди туура эмес пайдалангандан жана адамдардын кайдыгерлиги менен байланыштуу болууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×