Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуАт-Башы району 08.07.2019 13:59 На русском

Кочкордогу кымыз фестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Видео

Turmush -  Кочкор районундагы Сары-Булак айыл аймагына караштуу Кызыл-Таш жайлоосунда кымыз фестивалы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Белгилүү болгондой, Сары-Булак айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылынан 7 чакырым алыстагы Кызыл-Таш жайлоосунда кымыз фестивалы өтүп, Кочкор районунун бардык айылдарынын тургундары келип катышты.

Кызыл-Таш жайлоосундагы Май-Төр конушундагы кырда кыркалай аппак боз үйлөр тигилип, кыргыз элинин улуу көчү көрсөтүлдү. Улуу көчтү улай Кочкор районунун акиминин орун басары Элмира Садыкова, Сары-Булак айыл аймагынын башчысы Эрнис Макишов сахнага чыгып, кымыз фестивалын ачып берди. Фестивалда кыргыздын элдик ырлары ырдалып, каада-салттары көрсөтүлдү.

Кара-Күңгөй айылынан келген «Энелер шаңы» шайыр апалар тобу, Кочкор районунун маданият үйүнүн ырчылары көңүл көтөргөн ырларын, бийлерин да тартуулашкан.

Ошондой эле Сары-Булак айылындагы жаш үй-бүлө — Эркинбек Касымкул уулу, Толгонай Бакытбекова баласынын тушоосун кесип, элден бата алышты. Тушоо кесүү жарышында биринчи келген балага кой, экинчи келгенге 1000 сом, үчүнчү келген жеңүүчүгө 500 сом байге берилди.

Аркан тартыш, чака чапмай сыяктуу элдик оюндар да өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө байгелер берилип, улуттук тамак-аш жана кымыздын түрлөрү боюнча сынак өткөрүлдү.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан улуттук тамак-аштын жана кымыздын түрү боюнча алдыңкы орунга чыккан Сары-Булак айыл өкмөтүнө 3000 сом, 2-орунду ээлеген Соң-Көл айыл өкмөтүнө 2000 сом, Кочкор айыл өкмөтүнө 1000 сом акчалай сыйлыктар берилди. Ал эми Ак-Кыя, Семиз-Бел айыл аймактарына жана жергиликтүү коомдук бирикмесине 500 сомдон кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

Сары-Булак айыл аймагы эки жылдан бери кымыз фестивалында 1-орунду ээлеп келет. Фестивалда Сары-Булак айыл өкмөтү, айылдык кеңеш, Кочкор райондук жайыт пайдалануучулар бирикмеси, Кочкор райондук айыл чарба департаменти тарабынан жайыт пайдалануучуларга, алдыңкы малчыларга сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×