Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуНарын району 08.07.2019 11:53

Нарын районунда «Коопсуздук-2019» машыгуусуна активдүү катышкандар сыйланды

Turmush -  Нарын облусунун аймагында өткөн «Коопсуздук-2019» командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу иш-чарасына Нарын районунан активдүү катышкандарга сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу райондук мамадминистрациядан билдиришти.

Жыйында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Семетей Черикбаев облус аймагында өткөн «Коопсуздук-2019» командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу иш-чарасына Нарын районунун мекеме-ишканалары активдүү катышкандыгына командалык штаб тарабынан жакшы баа берилгендигин айтып, активдүү катышкандарга сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле район аймагындагы күч түзүмдөрү, укук коргоо жана жергиликтүү башкаруу органдары өз ара биримдикте аракеттенүү менен бирге берилген бардык тапшырмаларды ийгиликтүү аткара алышкандыгын баса белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×